Тармактык комитет “Озон катмарын коргоо жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды
«Озон катмарын коргоо жөнүндө» мыйзамга толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоору бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында 2-окууда каралды. Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев алып чыкты деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы
Бул Долбоор атмосферанын озон катмарын коргоо жаатында КР Өкмөтүнүн алдындагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин компетенциясына байланышкан жоболорду жаңылоо бөлүгүндөгү Бажы биримдигине Кыргыз Республикасынын кошулушуна багытталган, аткарыла турган иш-чараларга карата иштелип чыккан.
Ал долбоордо ошону менен катар озон катмарын коргоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүүнү камсыз кылуу, озонду бузуучу химиялык заттар камтылган продукцияларды Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргызстанга ташып кирүү үчүн корутундуларды берүү тартибин жана шарттарын, ошондой эле бул корутундулардын жарактуулугун токтотуу тартибин жана шарттарын белгилөө каралып, мыйзам долбоору 2-окууда жактырылып, добуш берүүгө жолдонду деп айтылат.

Leave a Reply