Талас районунун Талды-Булак айылында айылдык кеңештин төрагасы Азамат Өзүбеков баласы менен айылга жакын жерден 2 карышкыр атты, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Айылдык кеңештин төрагасы Азамат Өзүбековдун айтымында, акыркы убактарда карышкырлардын саны өсүүдө. Ал эми бул карышкырларды айыл эли чогулуп, ар жагынан тосуп, анан атышкан.

Ошондой эле, айыл тургундары дагы бир үйүр карышкыр айыл четинде жүргөндүгүн айтышууда.

А 1

А 3

А 2

А 4

А 5