Чүй облусунун Панфилов районунун Кум-Арык капчыгайында 24-январда жыл сайын белгиленип келүүчү «Ала-Тоо кышы» майрамы белгиленди, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка ылайык, Кум-Арык капчыгайына Панфилов районунун тургундарын майрамдык кечеге алып келүү үчүн бекер, жети маршрутка иштеди. Алар тургундарды бекер алып келип, кайра үйлөрүнө жеткиришти.

Салтанатка карата тоо этегинде боз үй тигилди. Музыка-үн чыгаргыч аппаратын алып келишип жана спорттук оюндар үчүн жер даярдалды.

Уюштуруучулар тарабынан целофан баштык жана мүшөктөрү берилип, балдар тоодо кечки убака чейин муз тээп, көңүл ачышты.

Салтанатты Панфилов районунун акими Өмүр Ногоев ачып, элге жакшы маанай каалап кетти. Биринчи конкурс бий боюнча өткөрүлгөн оюнда демөөрчү болуп, белек тапшырды. Катышуучулар Бишкек шаарынан келген эки ырчы Бурул Раймалиева жана Ширин Сарыгулованын ырларына бийлешти. Эң активдүү катышып, бийлегендерге 1000 сомдон таратылды.

Панфилов районунун тургундары аркан тартыш, кол күрөш боюнча мелдешке чыгышып, бул оюндарда аялдар да күч сынашты. Аялдар үчүн өзгөчө бел кур күрөшү боюнча мелдеш уюштурулган.

Эркектердин белгилеп кеткенине караганда, мындай майрамдар жана оюндар аялдардын катышуусу менен өтө кызыктуу өтөт.

«Мелдеш бүткөндөн кийин, айыл өкмөтү тарабынан даярдалган 7 казан күрүч тартууланды. Ар бирине желим идиштер таратылып, ысык чай ичишти. Район тургундары кечке чейин бийлешип, ырдашып, муз тебип көңүл ачышты. Бардыгы тең абдан ыраазы болуп кайтышты», – деп айтылат маалыматта.

DSCN3952

DSCN3957

DSCN3947

DSCN3934

DSCN3931

DSCN3929

DSCN3928

DSCN3924

DSCN3923

DSCN3920

DSC_0292

DSC_0307

DSC_0411

DSC_0466