врач

Жыл сайын Кыргызстандын 100 жаранына Түркияда акысыз операция жасоо боюнча келишим 27-январдан тартып күчүнө киргендигин гезитибиздин өткөн санында маалымдаганбыз. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы операцияга муктаж жарандардан документтерди кабыл алуу 10-мартка чейин уланарын билдирди.

11-марттан тарта 2016-жылы дарыланууга жөнөтүлө турган жарандардын документтерин кабыл алуу башталат. Келишимге ылайык, 100 оорулуунун 50сүн КР Саламаттык сактоо министрлиги, калган 50 адамды Кыргызстандагы Түркия элчилиги тандайт. Эрежеге ылайык, Кыргызстанда айыктырууга жана операция жасоого мүмкүн болбогон гана жарандар Түркияга жөнөтүлөт. Ал эми оорулуулар калыс жана адилет тандалгандыгын атайын түзүлгөн комиссия текшерет.

Келишим шарты боюнча жолго, тамак-ашка, жашоого жана документтерди түрк, англис тилдерине которууга кеткен чыгымдарды жарандар өздөрү көтөрүүгө тийиш. Ал эми операция, клиникалардагы кызмат көрсөтүүлөрдү Түрк өкмөтү каржылайт.