сомдор

Өлкөбүздө 2015-жылга белгиленген бажы жыйымдарынын болжолдуу суммасы өзгөрүшү мүмкүн. Бажы биримдигине кирип жаткандыгыбызга байланыштуу жыйымдардын көлөмү 25 миллиард сомго чейин көбөйөт. Мындай маалыматты 12-февралда журналисттер менен жолугушуу учурунда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусов билдирди.

Айтымында, азыр Бажы биримдигинин талаптарына ылайык иштөөгө даярдыктар көрүлүүдө. Өткөөл пункттар заманбап технологиялар менен жабдылат. Жол картасында каралган 115 миллион доллар берилсе, жабдууларды орнотуу башталат. Мындан тышкары, Кытай, Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араларды көзөмөлдөө күчөтүлөт.

Учурда өткөөл пункттардын көбү жабык, аларды чек арачылар көзөмөлдөшүүдө.

Жаңы өткөөл пункттары да ачылат. Ошондуктан, бажы кызматында кыскартуулар болбойт.