Шаршемби, 22-октябрда, Түркияда, КМШ өлкөлөрүнүн “мыйзамдагы ууруларынын” жыйыны (“сходка”) болуп, анда Улан аттуу кыргыз жигитке “мыйзамдагы ууру” таажысын кийгизишти (“коронация”). Бул тууралу уюшкан кылмыштуу топторду иликтөөгө адистешкен Москвалык белгилүү «Прайм Крайм» маалымат агенттиги жазып чыкты.

Бул Уланга “мыйзамдагы ууру” таажысын кийгизүү аземинин (“подход”) демилгечилери болуп белгилүү кримтөбөлдөр Жора Ташкентский менен Тимур Саратовскийлер болушкан.

Тимур Саратовский былтыр кримтөбөл Азиз Батукаевдин сунушу менен анын Кыргызстандагы мураскери катары “мыйзамдагы ууру” наамын алган Карышкырдын таажы кийүү (коронация) аземине да катышкан.

Алардан башка да белгилүү кримтөбөлдөр Мераба Мзарелуа жана Хусейн Слепой , ошондой эле азербайжандык жаш уурулар Джейхун менен Рафеттер да Уландын сүрөөчүлөрү болушкан.

Сүрөттө: Георгий Сорокин (Жора Ташкентский).

Жогорку сүрөттө коронация (таажы кийгизүү)  аземи тартылган көркөм фильмден бир фотофрагмент

Булак:  primecrime.ru