Украина: Парламенттик шайлоодо жети партия беш пайыздык чектен өттү
Украинада 26-октябрда өткөн кезексиз парламенттик шайлоодо жети партия беш пайыздык чектен өттү. Өлкөнүн борбордук шайлоо комиссиясынын берген маалыматтарына караганда “Пётр Порошенконун блогу” 23 пайыз добуш жыйнаса, андан кийин “Элдик фронт” – 21,3 пайыз, “Өз ара көмөктөшүү” – 13,2, “Оппозициялык блок” – 7,6, “Эркиндик” – 6,3, Радикалдык партия – 6,4, “Батькивщина” – 5,6 пайыз добушка ээ болду.
Шайлоого катышууга 52 партия катталса, анын 29у гана катышканы айтылды. Беш жылдык мөөнөткө 424 депутат шайланат: 199 бир мандаттуу жана 225и партиялык тизме менен келет.
Булак: super.kg

Комментарий кошуу