соттор отуруму1

Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, 2014-жылдын 28-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору, «Адилет» Укуктук Клиникасы» Коомдук Фонду менен биргеликте жана Кыргыз Республикасындагы Улуу Британия элчилигинин колдоосу менен Ош облусунун судьялары үчүн «Кыргыз Республикасынын сотторунда шайлоодогу талаш-тартыштарды чечүүнүн теориялык жана практикалык өнүттөрү» деген аталыштагы семинар өткөрдү.

Иш-чаранын лектору Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Ажибраимова Айжамал Мусуратбековна болду.

Семинардын программасына ылайык төмөнкүдөй маселелер каралды:

– Шайлоо талаш-тартыштардын түшүнүгү жана алардын жиктемеси;

– Шайлоо мыйзамындагы жаӊылануулар жана шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча мыйзам чыгаруу демилгелери;

– Укук коргоо органдары тарабынан арыздарды жана даттанууларды кароо;

– Шайлоо талаш-тартыштарын сотто кароо өзгөчөлүктөрү;

– Сот ишин кароонун процесстик тартиби;

– Шайлоо укуктарын бузуу үчүн жоопкерчилик.

Семинардын ишине 12 судья катышты.