femida (1)

2014-жылдын 28-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык,  Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна Кыргыз Республикасынын судьясы Аскар Абирович Суюмбаевди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык төмөнкүдөй токтом кылынат:

 Суюмбаев Аскар Абирович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашыруудан четтетилсин.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.