Бакытшаршеев1

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети бүгүнкү, 3-февралдагы жыйынында «Электр энергетикасы жөнүндөгү» мыйзамга сунушталып жаткан толуктоолорду колдоду.  Мыйзам долбоору депутаттар  Бакыт Шаршеев жана Элмира Иманалиева тарабынан демилгеленген.

Баяндама жасаган депутат Б. Шаршеевдин айтымында, билим берүү, маданият, социалдык коргоо жана саламаттык сактоо жаатында социалдык кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик жана муниципиалдык мекемелердин энергетикалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн өз убагында акы төлөбөсүүнүн натыйжасында топтолуп калган айып туумдар бар. Бул алардын күнөөсүнүн эмес, каражатын убагында бөлүнбөгөндүгүнөн болууда. Ошондуктан, бул сунушталып жаткан толуктоолордо жогоруда аталган мамлекеттик  жана муниципиалдык мекемелерден туум өндүрүлүп алынбайт,- деп кошумчаланууда.

Ошондой эле комитеттин бул жолку олтурумунда «Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинини токтом долбоору да каралып, аталган ооруканага улуттук деген макам берүү сунушу талкууланды. Жыйытыгында бул сунуш Кыргыз Республикасынын Президенттинин Аппараты менен Өкмөттүн кароосуна жөнөтүлдү. Анткени, мыйзам жоболору ушуну талап кылат деп билдирди Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.