Ош аба майданында ири өлчөмдөгү акча карактоого шектүү төрт адам кармалды. Маалыматтарда алардын бири жергиликтүү кеңеш депутатынын бир тууган иниси.

Ош эл аралык аба майданы

Ош эл аралык аба майданы

 Милициянын маалыматында кылмышка шектүүкатары он киши аныкталып, төрт адам кармалды. Тинтүү маалында алардын үйүнөн Калашников автоматы, Макаров тапанчасы жана ири суммадагы акча табылган. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов:

Аталган кылмышка шектүү деп, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын төрт тургуну кармалды. Азыр алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Ошол кылмышка негизинен он киши шектелип жатат, алардын аты-жөнү такталган. Азыр кармоо иштери жүрүп жатат.

Күч органдарындагы ишенимдүү булактар кармалгандардын бири Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Замир Сыргабаевдин иниси, ал Казакстандын жараны экенин билдирет.

Жергиликтүү кеңеш депутаты Замир Сыргабаев өзү да кармалгандардын арасында Мирбек Сыргабаев ысымдуу иниси бар экенин “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, иниси соода-сатык менен алектенип жүргөн.

– Бул жөнүндө билгиңер келсе, тергөөчүдөн сурагыла. Мен да аны кечээ эле уктум. Иним жакшы бала, башка эмне деп айтам? Эми эмне болуптур, мамлекеттин тыйынын уурдаптырбы? Бир соодагерлердин акчасы экен. Эми жакшылап, мактап жазып койгула. Иним ар кандай соода-сатык менен алектенип жүрчү.

Замир Сыргабаев өзү Жогорку Кеңеш депутаты, “Республика” партиясынан бөлүнүп чыккан “Бир болдун” теңтөрагасы Алтынбек Сулаймановдун жакын адамы катары айтылып жүрөт. Сулайманов да жергиликтүү гезиттерге берген маегинде аны ишенимдүү адамдарынын бири катары атаган. “Сулайманов менен партиялаш мамилем бар” – деди Сыргабаев “Азаттыкка”.

Замир Сыргабаев Кызыл-Кыя шаарындагы спорт комитетин жетектейт жана спорттун эрежесиз эр уруш түрү менен машыгары айтылып жүрөт.

Өткөн жылдын август айында, ошол кездеги ички иштер министри Абдылда Суранчиев депутаттардын уюшкан кылмыштуу топко ыктап, же мүчө болуп жүргөндөрүнүн узун тизмесин жарыялаган. Ал тизмеде Кызыл-Кыя шаардык кеңешине “Республика” партиясынан шайланган Замир Сыргабаев да бар эле. Депутат өзү болсо “Азаттыкка” бул айыптоону четке какты.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов жана “Бир бол” партиясынын өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүн болбоду.

Серепчи Идирис Кубатбеков акыркы учурда айрым чуулгандуу кылмыш иштерде саясатчылардын, Жогорку Кеңеш, же жергиликтүү кеңеш депутаттарынын жакындарынын аттары аталып жүргөнүн белгилеп, келерки шайлоодо эл мындан сабак алышы керектигин эскертет.

Азыркы партиялардын депутаттарына ар кандай сындар айтылып келет. Депуттардын арасында криминалдар, спорчулар же жөн эле көчөдө жүргөндөр бар деген сөздөр бар. Анан кылмыштуу иштер чыкса, алардын жакындарынын аты аталып калып жатат. Эми келерки шайлоодо эл дагы, партиялар дагы ушундай нерселерден сабак алышыбыз керек. Болбосо өлкөдө кылмыштуулук азайбайт.

Ош аба майданында 27-декабрда ири суммадагы акча каракталган. Беткапчан, куралчан, “спецназ” деген жазуусу бар кара кийим кийген беш адам Ош-Үрүмчү каттамына түшмөкчү болуп, VIP залда отурган адамдарды карактап кеткен. Акчанын суммасы беш миллион доллардан ашык экени айтылган болчу. Кийинчерээк 13 миллион доллар каракталган деген маалымат чыккан.