Сирияда каза болгон кыргызстандыктарды мекенине алып келүү мүмкүн эмес

Расмий маалыматтар боюнча, Сирияда Кыргызстандын 8 жараны каза болгон. Бул тууралуу УКМКнын атайын өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.
Ал билдиргендей, Сирияда согуш жүрүп жаткандыктан, азыркы учурда ал жакта каза болгон Кыргызстандын жарандарын өлкөгө алып келүү мүмкүн эмес. Анткени, траспортиравкалоо маселеси боюнча эч ким иш алып барбайт.
Ошондой эле ал Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарда болжолдуу түрдө биздин 150 жараныбыз бар экенин айтты. Бирок, алардын эч бири “Ирак-Леванта Ислам Мамлекетинин” курамында эмес – дейт ал.
Рахат Сулайманов мындан тышкары Сирияга окууга же жумушка кеттик деген шылтоолор менен көп жаратнадр кетип жаткандыктан, алардын санын тактоо мүмкүн болбой жатканын кошумчалады.
Динар ТУРДУГУЛОВА

Комментарий кошуу