27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеӊешинин биринчи отуруму өтөт
Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаменти «Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы №4468-V Токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеӊешинин биринчи отурумун өткөрүү тууралуу жарыялайт.
Күн тартиби:
1. Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеӊешинин төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо;
- Ар кандай маселелер.
Отурум 2014-жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин имаратында өтөт.
Кошумча маалымат үчүн тел: (0312) 48-61-13.


Комментарий кошуу