лавиналар1

2015-жылдын 9-февралы саат 08:00гө карата республиканын аймагындагы кырдаал боюнча  маалымат

2015-жылдын 8-февралынан 10-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан катуу жаан чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 2014-жылдын 26-ноябрындагы Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин-Жарандык коргонуунун жетекчисинин №53 буйругунун негизинде 2014-жылдын 26-ноябрынан баштап, саат 18:00дөн 08:00гө чейин Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна унаалардын жүрүүсүнө  атайын буйрук чыкканга чейин чектөө киргизилген.

Алай районунда 2015-жылдын 8-февралында саат 19:20 чамасында Ош-Сарыташ-Эркештам унаа жолунун 176-177-чакырымында болжол менен көлөмү 630 м3  болгон кар көчкү түштү. Унаа жол убактылуу жабылган. Жолду тазалоо иштерине транспорт кызматынан (ЖЭМ-960) 1 даана жүктөгүч, 1кар тазалоочу унаа тартылып,  жол саат 20:15те толук ачылган. Кыйроо жана адам өмүрүнө зыян келтирилген жок.

Кара-Кулжа районунда 2015-жылдын 8-февралында саат 17:00 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 98-100-чакырымында болжол менен көлөмү 396 м3  болгон кар көчкү түштү. Жолду тазалоо иштерин  транспорт кызматынан (ЖЭМ-27)  1 бульдозер тартылып,  унаа жол саат 19:30да толук ачылган. Кыйроо жана адам өмүрүнө зыян келтирилген жок.