Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши 2015-жылдын 11-12-февраль күндөрүндөгү парламент жыйындарынын күн тартибинин долбоорлорун бекитти
Төрага орун басары Төрөбай Зулпукаровдун жетекчилиги астында Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши 6-февралда 2015-жылдын 11-12-февраль күндөрүндөгү парламент жыйындарынын күн тартибинин долбоорлорун бекитти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
11-февралда Жогорку Кеңеште “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу, “Административдик жоопкерчилик тууралуу” кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, “КР Социалдык фондунун 2015-жылдагы бюджети жана 2016-2017-жылдарга карата болжолу жөнүндө” жана башка мыйзам долбоорлорун кароо пландаштырылды.
Ал эми 12-февралда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө”, “Экологиялык экспертиза жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү жана башка бир катар мыйзам долбоорлорунун каралышы күтүлүүдө.



Leave a Reply