Санитардык-гигиеналык талаптарды сактабагандарга администрациялык айып пулдун көлөмү жогорулатылат
“Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңеш жыйынында каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
3-окуудагы мыйзам долбоорун Социалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Эркин Сакебаев алып чыкты.
Акыркы мезгилдерде республикада тамак-аштан уулануу, инфекциялык оорулар, ВИЧ ж.б. көбөйүп жаткан жагдайлар бар. Мындай терс көрүнүштөр сапатсыз азык-түлүк продуктуларын жана ичүүчү сууну пайдалануунун, күбөлөндүрүүсү жок адамдарды ишке алуунун, санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы талаптарды калктын ден соолугу үчүн потенциалдуу коркунуч туудурган ооруканалык манипуляциялардын аткарылышын сактабай коюудан келип чыгат. Азыркы учурда мамлекеттик айып санкциясы орто эсеп менен 100дөн 2000ге чейинки сомду түзөт. Мунун баары административдик айып санкцияларынын адам ден соолугу үчүн болгон коркунуч менен адекваттуу эместигине күбө болот.
Мындай улам мыйзам долбоору аркылуу коомдук саламаттык сактоо кызматынын ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу жана ишкердүүлүк субъектилеринин жоопкерчилигин арттыруу максаты көздөлгөн. Административдик жазаны күчөтүү чаралары, аны менен катар айып санкцияларынын көлөмүн көбөйтүү, бузууга жол берүүчү тараптардын жоопкерчилигин жогорулатууга (юридикалык жактарга беш жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө) администрациялык айып салуугажана коркунуч факторун азайтууга жетишүүгө мүмкүчүлүк берет.
Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жолдонду.


Комментарий кошуу