косметолог

Мен ар бир күнүм айымдардын сулуулугуна кам көрүү менен башталат. Аны менен катар көйгөйлүү тери оорулары менен да иш алып барам.  Дерматолгияда он жылдан ашык убакыттан иштеп келе жатам. Күнүнө  20 бет көрөм. Арасында ар кандай адамдар менен иш алып  барууга туура келет. Туура түшүндүрүүгө, кылдат мамиле кылууга болгон аракетимди жумшап келем. Косметалогия мага абдан жагат, бул кесибим үчун абдан сыймыктанам. Ар бир келген кардарымды сулуу кылып жөнөтүү, берген акысына ичи ооруп калбашына болушунча эмгектенем. Негизи эле адистердин кеңешине кайрылаарда, адамдын өзүндө, адистин кеңешине ишеним болушу керек. Эгер адам, чынында эле жүрөгү менен берилип, ишеним артып. сулуу болом десе, ал айымды сулуу кылууга аркетибизди жумшайбыз. Ошондуктан эң биринчи кезекте көңүл кою, андан кийинки жоопкерчилик адистердин мойнунда болот.

            -Кесибиңизди аткаруу учурунда, ар кандай кызыктуу учурлар кездешсе керек?

-Абдан көп кездешет. Кээ бир кардарлар сиз анализ тапшыртпай эле кантип, кайсы жол менен биздин тери-бетибизге кам көрөсүз?-деп урушуп кеткендер да болот. Күндө бет көрө берип, кардар эшикти ачып келе жатканда эле билип коебуз, эмнеден жапа чегип жаткандыгын. Анализ тапшырганга да акча кетет, тескерисинче үнөмдөө жагын эске алабыз. Бирок кээ бир кардардарды түз эле анализге жөнөткөн учурлар да болот.

-Адис катары айтсаңыз, адамдын жан дүйнөсү кандай болсо сырткы келбетине таасир да тиет деген сөздөр бар, негизи эле жан дүйнөнүн сулуулугу кайсы бир деңгээлде таасирин береби?

            – Ички сулуулук кандай болсо сыртына да чыгат деген пикирге кошулам. Айрыкча айымдардыкы билинип калат. Мисалы, жашоосунда баардыгы төп келген, жакындары аман, ден соолугу чың, каражат жагы чечилген, айтор жеке жашоосу да сонун адамдардын, сырткы жүзү да башкача көрүнөт, ал түз эле адамдын көзүнө учурайт, аны экинчи адам сезе алат. Ошондуктан кандай шарт болбосун, өзгөчө айымдар жүрөгүнө, көңүлүнө көңүл буруусу керек. Ал эми кээ бир адамдар кайрылышат, ал адамдардын сырткы сулуулугу анчейин эмес, бирок сүйлөшө келгенде такыр жакшы адам болуп чыга келишет, андай адамдардын хоризмасы күчтүү болот. Тескерисинче, кээде сулуу кыздар кайрылышканда, арасында айрымдарына сүйлөгүң да келбей, айтор эртерээк бүтсө экен дейсиң. Аурасы укмуш адамдар келишет, биздин кызматыбыз келген адамды сулуу кылып жөнөтүү.

-Сулуулукту кантип сакташы керек?

-Ар бир адамдын турган турпаты сулуу. Эң башкысы болгону сулуулукка кам көргөнгө үйрөнүү керек. Жаратылыштан берилген жакшы нерселерибизди сыртка чыгарып, жагымсыздарын бекитишибиз абзел. Жагымсыз нерсени катканга үйрөнүш керек. Бардык адамда жагымдуу жана жагымсыз да  нерселер орун алган. Сулуулук мода сыяктуу эле  жакшы нерсени кийиш керек, жарашпаганды кийбеш керек деген түшүнүк. Анан дагы бардык нерсеге позитив менен кароо зарыл.

-Айымдарга кандай кеңеш бересиз?

-Эртеңкиге эч нерсени калтырбаш керек. Көбүнчө аялзаты  эртең кылам, эртең жасайм деп коет, ушул нерсени бүгүн башташы керек. Ар бир күнү бетке маска коюуга убакыт бөлүүнүн деле кереги жок, болгону кол бошогон убакта, үйдөгү болгон сүт азыктарынан, жумурткадан, чөптөрдөн маска жасоого болот. Колго да кам көрүүнү унутпоо керек. Бетке маска жасап жатканда моюнду жана колду унутпоо зарыл. Колго крем сүйкөп жүрүш керек. Анан косметалогго бир жылда бир жолу болсо да кайрылып, кеңеш алып коюунун зыяны тийбейт. Кантип арыктайбыз деп көп кайрылышат. Буга жооп, бир гана  машыгуу, көнүүгү кылуу керек. Аялзаты көңүлүн караш керек, көңүлүн чөктүрбөш керек. Айланаңдагы адамдар, жашоо шартың дагы сенин сырткы сулуулугуңа көмөкчү болот. Көңүл чөгүп жүргөн адамдын сырткы жүзү бат эле билинип калат, маселен өңү саргыч тартып, бырыш менен далилденип калат. Тамеки, арак ичпөө керек. Режимди сактап, тамакты туура тамактануу керек. Көбүнчө суюк тамак, суу ичиш керек. Албетте аялдын түйшүгү көп, аял эс алыш керек.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА