Рахат СУЛАЙМАНОВ, КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү: “Кыргызстандын коопсуздугу үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө”
–Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган канча диний- экстремисттик уюм бар?
-Аль-Каида, Талибан кыймылы, Чыгыш Түркстан ислам кыймылы, Күрд элдик конгресси,Чыгыш-Түркстандын бошотуу уюму, Хизбут-Тахрир-аль –Ислами, Жихад тобу, Түркстан ислам партиясы же Өзбекстан ислам кыймылы, Жайшуль Махди, Джунь аль Халифат, Ансаруллох, Ат Такфир Валь-Хиджра, Акрамия. Кыргызстанда расмий түрдө 13 террористтик-экстремисттик кыймылдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
–Экстремизм каршы күрөшүүдө муфтият менен чогуу иш алып барса, алгылыктуу натыйжа чыгаар беле, сиз кандай ойдосуз?
-Кыргызстанда башка өлкөлөргө барып, террористик аракеттерге катышып келген жарандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзам долбоору сунушталып жатат. Эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, андайлар жоопкерчиликке тартылат. Жарандык коомдук өкүлдөрү, жергиликтүї өзүн-өзү башкаруу органдары, ИИМ, муфтияттын өкүлдөрү менен биргеликте жыл башынан бери мектептерде, жогорку окуу жайларда жана айыл аймактарында ар кыл мүнөздөгү 500дөн ашуун жыйындар, профилактикалык иш чараларды өткөрдїк.
–Сирияга биздин жарандарыбыз кандай жолдор менен барып калышууда?
-Расмий түрдө 150 кыргыз жараны Сирияда согуш аракеттерине катышып жүрүшөт деген маалыматтар бар.Алардын көбї 18 жаштан 26 жашка чейинкилер. Кетүү жолдору да ар кандай. “Сирияга согушка кетип жатам” деп айтышпайт да.Ошондуктан, кандай жол менен чыгып жаткандары билинбейт. Көпчүлүгү Сирияга чектеш мамлекеттерге окууга, эс алууга же жумушка кетип жатабыз дешет.Ал жакта мусулмандар бирин- бири кырып жатышат.
–Өлкөбүздүн коопсуздугу коркунучта эмеспи?
-Быйыл Сирияга барып келген жарандар арасынан экстремисттик 7 топтун мїчөлөрї кармалды. Алар Сириядан келип террористик топторду тїзїшїп, Кыргызстанда террактык актыларды, Ош жана Бишкек шаарларында жардыруу иштерин уюштурууну көздөшкөн. Андан сырткары, алар колунда барларды талап-тоноп, курал-жарак чогултуу менен алектене башташкан. Ушундай максаттарды көздөгөн 36 жаран кармалып, учурда сурак берип жатышат. Биздин кызмат тарабынан Кыргызстандын тынчтыгын камсыздап, мамлекеттүүлүгүн бекемдөө үчүн бардык күч аракеттер жумшалууда.
–Интернет-сайттар дагы тескери үгүттөө иштерине каршы күрөш кандай жүрүүдө?
-Жердештерибизди кандай экстремисттик топтор же диний агымдар үгүттөп жатканын аныктоо кыйын болуп турат. Анткени, дүйнө жүзү боюнча эктремисттик маанайдагы 4000 ашуун интернет-сайттары бар. Алардын баарын карап отуруу абдан кыйын. Мыйзамдуу түрде тыюу салынып жаткан уюмдар, өзүлөрүнүн мыйзамсыз иш алып барып жатышканын билишет да, бир жерде туруктуу отурукташпай, көчүп-конуп жүрүшөт. Үгүттөө иш-аракеттерин көбүнче Интернет аркылуу жүргүзүшөт. Эгерде Кыргызстандын ичинде Интернет-сайттар аркылуу үгүт жүргүзүлсө адистерибиздин аракети менен тапса болот.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Комментарий кошуу