Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстан элинин Ассамблеясынын 20 жылдыгына карата куттуктоосу
“Урматтуу мекендештер!
Ардактуу меймандар!
Сиздерди Кыргызстан элинин Ассамблеясынын 20 жылдык маарекеси менен чын дилимден куттуктайм!
1994-жылдагы Кыргызстан элинин биринчи жалпы улуттук курултайы жаш эгемен өлкөбүздүн соңку жаңы тарыхындагы өзгөчө мааниге ээ окуя болгон. Себеби, бул Курултайда жаңы коомдук уюмду – Кыргызстан элинин Ассамблеясын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
Кыргызстан элинин Ассамблеясынын 20 жылдыгы Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына туш келгени жакшы жышаан. Мамлекеттүүлүктү бекемдөө өлкөбүздө жашап жаткан жарандардын ортосундагы достукту жана ынтымакты чыңдоосуз мүмкүн эмес.


Комментарий кошуу