копуро2- копуро- копуро1-

2014-жылдын 18-декабры күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Баткен облусунун Лейлек районуна иш-сапары менен барып, кыш-жаз мезгилинде болуп кетүүчү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жумуштары менен жеринен таанышты.

Иш сапарынын алкагында Баткен районундагы Төртгүл айыл аймагынын Зарташ айылындагы дарыянын жээгиндеги кооптуу аймакты көрдү жана тиешелүү жетекчилерге бул участка боюнча тез арада сунуш берүүнү тапшырды. Андан ары 2012-жана 2013-жылдардагы катуу келген селдерден жараксыз абалга келген көпүрөөлөрдүн курулушу менен таанышты.

Лейлек районунун Катран айылындагы көпүрө буга чейин бир нече жолу кооптуу болуп, айрым учурларда мектеп окуучулардын жана жергиликтүү жашоочулардын мектепке жана башка айылдарга байланышы үзүлүп калган учурлары болгондугун жергиликтүү жашоочулар билдиришти.

Селден жабыркаган көпүрөнү министр Кубатбек Боронов 2014-жылдын башында өзү барып көрүп, быйыл бүткөрүп берүүнү элге убада кылган эле. Быйылкы жылдын 19-июнунда атайын буйрук чыгарып, кыска убакыттын ичинде 12 метрлик көпүрө толугу менен бүткөрүлүп, 18-декабрда анын салтанатуу ачылуу аземине министр өзү күбө болду.

Андан ары Исфана шаарындагы Додасьян участкасындагы 50дөн ашык кожолукту же 300дөн ашык адамды байланыштырган узундугу 24 метр болгон жөө адамдар өтүүчү көпүрөнүн ачылуу аземине катышып, анын кызыл тасмасы кесилди. Жергиликтүү жашоочулардын айтканына караганда аталган көпүрө курула электе бир нече жолу жарандар суткалап каттай албай, эки жээк байланышы жок калган учурлар болгон. Жамгыр жаап, сел жүргөн учурларда, окуучулар мектепке бара алышпай калгандыгын айтышты. Бул көпүрөнүн курулушу да 2014-жылдын жаз айларындагы селден кийин министр Кубатбек Боронов өзү барып, абалды жеринен көргөндөн кийин башталган. Көпүрөөнү курууга 2014-жылдын 16-сентябрында буйрук чыгып, кыска убакыттын ичинде курулушу аяктап отурат.

Ошол эле айыл Лейлек районундагы Бешкент айыл округунун Улуз участкасында узундугу 24 метр болгон ички чарбалык көпүрөнүн курулушу 2014-жылдын 11-мартында буйрук чыгып, башталган. 2014-жылдын 19-декабры күнү бул көпүрөнүн да кызыл тасмасы кесилип, пайдаланууга берилди. Ачылуу аземге катышып жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жусупали Исаев бүгүнкү күндө бардык министрликтердин алдыңкы сабында өзгөчө кырдаалдар министрлиги иштеп жаткандыгына токтолду. “Бүгүнкү күндө Президентибиз тараптан да, Өкмөтүбүз тараптан, Жогорку Кеңеш тараптан да эч кандай камы салдырбай иштеп жаткан жалгыз министрлик –Өзгөчө кырдаалдар министрлиги экендигин баса белгилеп айткым келет. Гер бардык министрликтер ушундай иштегенде мамлекетибизде эчак эле туруктуулук болуп, Өкмөтүбүзгө болгон элдин ишеними мындан да жогору болмок. Бул тармакта жалаң өз ишин мыкты билген кесипкөй, патриот, тажрыйбалуу адистер иштеп жатат деп, мен бүгүн ишеничтүү айта аламын”-деди Ж. Исаев.

Жергиликтүү эл министрге жана министрликте иштеп жаткандарга чын пейилдеринен ак баталарын беришти.