отобаев жыйында
Кечээ, 15-декабрда премьер-министр Жоомарт Оторбаев Астана шаарында өткөн ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешмесинин кезектеги жыйынына катышты.

Өкмөт башчылар кеңешмесинин жыйыны тар жана кеңири чөйрөдө өттү.

Жоомарт Оторбаев белгилегендей, ШКУнун мындан ары карай өнүгүшүнө уюм алкагындагы соода-экономикалык кызматташуунун өнүгүүсү колдоо көрсөтөт, ал өз кезегинде биргелешкен ишмердүүлүктүн келечектүү багыты бойдон калуусу керек.

«Кыргыз Республикасы ШКУ алкагындагы долбоорлордун, анын катарында транспорттук аймактык инфраструктуралык коридорлорду өнүктүрүү жаатындагы долбоорлордун ишке ашуусуна өзгөчө маани берет. Буга байланыштуу Кыргызстан үстүбүздөгү жылы Дүйшөмбүдө өткөн Саммитте эл аралык автомобилдик ташуулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү тууралуу Келишимге кол коюу максатында натыйжалуу ишти жүргүздү», — деди ал.

Белгилесек, жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчылар ШКУга мүчө өлкөлөр аралык кызматташууну өнүктүрүү маселесине тийиштүү ар тараптуу кеңири чөйрөдөгү суроолорду талкуулады.

Булак: Баракелде