преступник1
Бишкекте Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан досунун зер буюмдарын ээлеп алган аял кармалды.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 16-декабрда билдиргендей, Биринчи май РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кайрылган Т.Махабаттын айтымында, анын Назгүл аттуу таанышы майрамдык кечеге тагынып баруу үчүн зер буюмдарын сурап алып, бирок кайра кайтарып бербестен күрөөканага калтырып салган.

Келтирилген зыяндын өлчөмү 140 миң сомду түзгөн.

Бул боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшү менен Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну О.Назгүл кармалды.

Ушундай эле билдирүү менен борбор шаардын дагы эки тургуну кайрылды, деп айтылат маалыматта. Кармалган шектүү жаран Бишкекте кармоочу жайга камакка алынды, иликтөө иштери улантылып жатат.