823959_l

Зөөкүрдүк менен кыз зордуктоо күчөп баратат. Бул жагынан үрөй учурган кабар угулса, биягынан кайрадан жаңырууда. Ысык-Ата районунун ИИБ кызматкерлери 15 жаштагы кызды зордуктаган эки баланы кармашты. Бул боюнча кыздын чоң энеси милицияларга кабар берген. Алар сот болгуча 2 айга камакка алынды. Ал эми Токмок шаарында 45 жаштагы киши 10 жаштагы өзүнүн аталаш карындашын күч колдонуп зордуктап салганы тастыкталды.

Сымбат МАКСУТОВА