эсенгул

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Эсенгул Исаков мамлекеттик стандарт маселесине токтолду. Ал республикага сырттан кирип жаткан күйүүчү майлар, тамак-аш, оюнчуктар боюнча көптөгөн даттануулар болуп жатканын билдирди. “Күйүүчү майлар мамлекеттик стандартка ылайык келеби деген суроо жаралат. Экология бузулганы аз келгенсип, стандартка жооп бербеген күйүүчү майлардан автоунаалардын, айыл чарбасына келген жаңы техникалардын кыймылдаткычтары иштен чыгып жатат. Мына мындай жагдайларды эске алуу менен комиссия түзүп, текшерип чыгуу керек. Буларды кайсы тармак карап жатат?”,- дейт Э.Исаков.

Мындан сырткары, Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагындагы жер коррупциясы боюнча иш жылбай жергиликтүү эл чыңалууга бара жатканынан коңгуроо кагып, бул маселени ИИМге өткөрүп берүүнү сунуштады.

Өз сөзүндө депутат экономика боюнча илимдин кандитаттыгын, докторлугун жактоодо атайын кеңештер болушу керектигине дагы токтолду. Илимдер академиясындагы Экономика институтунда илимдин бир доктору болсо дагы ал жерде Кеңеш бар. Ал эми Улуттук университеттин Экономика жана финансы институтунда 15 тен ашык илимдин доктору болсо дагы Кеңеш жок. Мындай жагдайларды бир тартипке салуу керектигин кошумчалады.

Депутат Э.Исаков Өкмөттү гемодиализ аппараты менен камсыздоого дагы көңүл бурууга чакырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы  билдирди.