фото папы1

Өмүр дегендин дагы бир вазыйпасы ушундай белем. Жаш өткөн сайын капа кылып, кайгырта турган себептер үстү-үстүнө кошула берет экен. Баарыбыздын башта бар – классташ же курсташтарыбыздын улам барган сайын катары суюлуп, караандары сугалганы.

Биз 1966-жылы 25 бала КМУУнун журналистика факультетин бүтүргөнбүз. Арабызда өзү арык, бою тартайган, мойну ичке Аскер Карыбаев деген ыр жазган жигитибиз бар болчу. Көп сүйлөчү эмес, бирок кыңылдап эле ар кайсы ырдын обондорун ичинен кайрып жүрөөр эле. Көрсө созолонгон сонун үнү бар экен Аскерибиздин. Ар кимибизде кемчилдиктен башка дагы жашыруун сырды катат эмеспизби. Аскердин да ошондой сыры бар – күн алыс эле кечкисин дайынсыз жоголуп кетип түнкү саат 11-12лерде жылмыңдап жетип келет. “Кайда жүрдүң?!”-деп биз суракка алабыз, күлүп коет деле жообу жок. Аташ Култаев деген бир ачуусу чукул, аскерге барып келген жигитибиз бир күнү Аскерге катылып:

-“Эй кисабир! Сени түн ичинде бирөө соройто чаап кетпесин деп коркуп отурабыз. А сен аны түшүнбөгөн чалдырбай турбайсыңбы!”, деп катуурак кетти. Аскер дагы орой жооп берди, ошентип экөө чапчыша кеткиче биз ортосуна кире калдык да экөөнү эки жакка түртүп жибердик. Ошондон кийин Аскерди “суракка” алганыбыз дагы токтоду окшойт. Бирок, бир күнү эле кулагыбызга “шашылыш” кабар жетти: Аскер бир суйкайган сулуу кыз менен “Ала-Тоого” киного барып жүрөт”. Экинчи курска араң келип көбүбүздө киного чакыра турган кызыбыз жок. “Женпедден” баштап кыздар жашаган шаардагы жатаканалардын баарынын “Эшик сагалаган биз гана – университеттин шордуу “журналисттери”. Себеби группабызда бир да кыз жок – тагдырыбыз ошентип тайкы болуп калыптыр. “Кудай кылса, кубарыңдын акысы барбы” деген кеп…

Аңгыча болбой группабызда жакшы иштер башталып калды. Аскер менен Мыскал үйлөнүп комсомолдук той берет экен, тойго комсомолдун борбордук комитети белек менен келип, ректор Табышалиев өзү катышат экен деген укмуш кептер! Ал кезде биз Мыскалды дагы жакшы таанып калган элек. Аскер экөө көркөм кружокто ырдап жүрүшүп таанышкан экен. Акырын жибин чубап көрсөк эки жыл бою Аскер Мыскалды бизге көрсөтпөй кызганып жүргөн болуп чыкты. Көрсө сүйүү деген ошентип кээде соо эле мээни тескери айлантып коет беле. Мыскал чынында эле эстен тандыра турган Чүйдүн сулуусу, ууртунда жасап койгондой калы бар, мукам үндүү, өтө назик жан эле. Үйлөнүү тою университеттин ашканасында эл толтура жыйылып өтө шаңдуу өткөнү эсимде. Группабыз чогулуп, бардык маселелерди кеңешип, арабыздагы аскерге барып келген Түгөлбай Мамбетжунушев деген теректей чыкыйган жигитибизди “тамада” шайладык. Калганыбыз тойдун кызматчыларыбыз. Комсомолдук БКдан университеттин партком, комсомол комитети катышып, баары тең белек тапшырды. Ошол нике тоюнан бери карай Аскер менен Мыскал экөө бекем кол кармашып, бирге ырдап, бирге күлүп төрт перзенттүү болушту дагы, экөө ошол кармашкан колдору ажырабастан бир эле жылдын ары-берисинде бул дүйнөдөн ээрчишип кете беришти. Эң чукул жолдоштору, достору – бизбиз.  Мыскал капыстан катуу кеселге туш болгондо Аскер карайлап, дел болуп калды. Мыскалды айыктырам деп жанын далбас уруп чуркады, бирок ал түбөлүк сапарга узаган соң, күйүтүнө батып, ызага муунуп, акыры о дүйнө салып тынчыды. Кыздары бармактай кезинде атасы менен энесинин бир жыл ичинде чогуу кетип калганынан тоодой күйүткө чыдап кала беришти. Ушул учкай макаламды досубуз Аскер, аялы Мыскалдын арбактарына багыттоого милдеткермин.

Сөздү Аскер-Мыскал ар качан дуэт менен өмүр бою ырдап өткөн, Аскердин текстине жазылган (ЦКда иштеп жүргөн кезинде кызматтан “учуп” кетпейин деп өз атын бербей койгон) Асылбек Өзүбеков мыкты обон жараткан “Өмүр” деген классикалык ырдын саптары менен бүтүрөйүн.

 Өмүр деген кыпкызыл гүл жайнаган,

Өмүр деген булбул бакта сайраган.

Өмүр барда өкүнбөстөн ойноп күл,

Жаралбайсың бул өмүргө кайрадан!

 

Казат Акматов, Кыргыз Эл жазуучусу