1-ноябрда Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында Орусиянын Эл артисти Аристарх Ливанов жана Орусиянын Эмгек сиңирген артисти Наталья Варлей “Души прекрасные порывы” аталышындагы адабий-музыкалык кечесин тартуулашты. Алгач сахнага Аристарх Ливанов чыгып гитарада кол ойнотуп, өзү жазган чыгармаларын аткарды. Аристарх Ливанов бир саат бою чыгармачылыгынын чыйыр жолун, көрүнүктүү тасмаларындагы образдарын, театрга кантип келгенин баяндап берген соң сахнадан узады. Аңгыча экранда көпчүлүктүн сүйүктүү актрисасы Наталья Варлей тартылган тасмалардын үзүндүлөрү көрсөтүлө баштады. “Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы окуялары” тасмасы экранда көрсөтүлгөндө көрүүчүлөрдүн кол чабуусу алдында сахнага чыккан Наталья Варлей: “Мен образ жараткан бир канча фильм көрсөтүлсө да, “Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы окуялары” тасмасы экранга чыкканда кол чаптыңар. Бул менин чыгармачылыгымда жараткан керемет ролдордун бири. Ушундай популярдуулукту алып келген тасмага андан кийин тартылган жокмун, эми тартылбай калдым го”,– деп өзүнүн кечесин улантты.

Наталья Варлей ырдап, бала чагы, кинодогу образдары тууралуу кеп салды. “Мен Кыргызстанга биринчи жолу келген жокмун. Бир канча жыл мурун Ысык-Көлдө драматург Мар Байжиевдин “Нөшөр” (“Ливень”) аттуу тасмасына тартылгам. Мен ошол кезде театрдан кетип, жан дүйнөм жанчылып турган кез эле. Ысык-Көлдүн кереметин көргөндө менин ошол кайгым унутулган. Ошондой эле 3 жыл мурун орусиялык актёрлор менен келип спектакль коюп кеткенбиз”,– деди.
Бул жагымдуу кечени актриса “Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы окуялары” тасмасында ырдаган “Аюулар жөнүндө ыр” (“Песня про медведей”) аттуу ырын аткарып жыйынтыктады. Көрүүчүлөр ат арытып келишкен артисттерди туруп алып кол чаап узатышты.
Айта кетсек, Наталья Варлей менен Аристарх Ливановдун чыгармачыл дуэти Орусиянын жана чет өлкөлөрдүн сахналарын кыдырып, өнөрлөрүн ийгиликтүү көрсөтүп келет. Наталья Варлей учурда 67 жашта. Ал 1966-жылы “Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы окуялары” тасмасында Нинанын ролун жараткан кезде 19 жашта эле. Ал эми Аристарх Ливанов – белгилүү театр жана кино актёру. 1969-жылы аткёрдун кинодогу тушоосу кесилип, “Кири жок көңүлдөр” (“Эти невинные забавы”) аттуу тасмага тартылган.
Булак: super.kg