Сургутта “кыргызстандык айымды жана анын үч баласын өлтүрдү” деп шектелген адам өз жанын кыйганы айтылууда
Маалыматка караганда, каза болгондордун сөөгү Яхьюузбек Мамадякипов аттуу ишкерге таандык үйдөн табылган. Алар үй ээсинин туугандары болушканы аныкталган. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 27 жаштагы Раинберт Сабиров издөөгө алынган. Полиция кызматкерлери тарабынан алыс эмес жердеги жаңы курулуп жаткан үйлөрдүн биринен жогорудагы кылмышка шектүү өз жанын кыйган абалда табылган. Бул боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: super.kg
Комментарий кошуу