Нарындыктар бир айда 2 миллион 616 миң сомго чыгымга учурады
2015-жылдын январь айында карышкырлар 2 миллион 616 миң сомдук малды жеп кеткендигин өкүлдүн биринчи орун басары Касен Асизов билдирди.
-Облус жетекчисинин атайын буйругу менен жер-жерлерде карышкырларды атуу боюнча атайын топтор иштеп жатат. Алардын күчү менен өткөн айда 46 карышкыр, 26 чөө атылып жок кылынды. Бирок КРнын +кмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы №703-токтому аткарылбай, ар бир атылган карышкыр, чөөлөргө берилүүчү сыйлык акчалар берилбей келүүдө. Ошондуктан карышкырларды атууга кызыгуулар аз болууда,-дейт К.Асизов.
Ал эми карышкыр, чөөлөр 2014-жылы теңиртоолук малчыларга 10,8 миллион сомдук зыян алып келген экен.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Комментарий кошуу