1180343

Быйыл экономиканы көтөрүү үчүн эмне иштер аткарылат, улуттук экономиканы чыңдоо үчүн кандай кадамдарды жасоо зарыл? Кыргызстандын экономикалык перспективасы кандай болмокчу деген ойлордун тегерегинде кыскача саресеп салдык.

Ири долбоор ишке ашат

Быйылкы жылдын август айында “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы көмөк чордондору туташтырылат. Аны менен электр энергияны түндүк регионго жеткирүүдө Өзбекстан, Казакстанга болгон көз карандылыктан кутулабыз. Адистердин айтымында, ушул ири долбоор ишке кирсе, жылына 8-9 млн. доллар үнөмдөлөт. Кыш учурунда деле Нарын дарыясынын жогору жагындагы ГЭСтердин курулушу токтобой жүрүүдө. Ошондой эле чакан ГЭСтерди куруу иштеринин да келечеги бар. “Камбар-Ата-1” ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин дагы бир жолу тактап, акыркы шарттарга байланыштуу эсептөөлөрдү толук бүтүрүү маселеси аягына чыгууда. Жакынкы жылдары бул ири курулуштун иши да башталышы күтүлүүдө.

Көгүлтүр от көйгөйү чечилүүдө

Өлкөнү көгүлтүр от менен камсыз кылуу жана жеткирүү багытында 30-январда Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев менен Россиянын “Газпром” ишканасынын жетекчиси Алексей Миллердин ортосунда атайын келишимге кол коюлду. Бул ири долбоор Кыргызстан калкынын 60 пайызын газ менен камсыздайт. Мындагы инвестициялык салым 45,5 млрд. сом болууда. Жумуштун негизги бөлүгү жакынкы 3 жылда бүткөрүлөт. Бирок, бул долбоор боюнча түзүлгөн Башкы план толугу менен 2030-жылы ишке ашат. Маселен, буга чейин таптакыр газы жок Ысык-Көл, Нарын облустары көгүлтүр от менен камсыз болот. Калган региондордо деле газдаштыруунун көрсөткүчү кескин жогорулайт. Ушул багытта 2 миң 750 чакырымдан ашык жерге газ түтүктөрү тартылат. Бишкек, Ош шаарлары жана башка калаалардан дагы сырткары, өлкө боюнча 411 айыл газ менен камсыз болгону турат. Бул цивилизацияга карай зор кадам таштоо дегендик. “Эмне үчүн “Кыргызгазды” 1 долларга сатышыбыз керек” дегендердин дымы чыкпай калды.

Айтмакчы, Түркмөнстандан Кытай Эл Республикасына жеткирилчү эл аралык газ кууру Чоң-Алай аймагы аркылуу өтөт. Бул ири долбоорго салынуучу инвестициянын көлөмү 2 млрд. доллардан ашат.

Жол оңолсо, заман оңолот

Быйыл Балыкчы-Жалал-Абад жолунун курулушу катуу темпте уланат. Ошондой эле Бишкек-Торугарт автожолун реконструкциялоо жумуштарын аягына чыгаруу милдети бар. Суусамыр-Талас-Тараз жолу жөнүндө деле ушуну айтабыз. Жаздан кышка чейин Ош-Баткен-Исфана-Лейлек жолунда дагы кызуу иштер жүрөөрү белгилүү. Бул ири долбоорлор гана облус жана райондор аралык жолдор жөнүндө кеп өзүнчө болсун. Акыркы мезгилде орто жана чакан шаарларда да жолдор оңдоло баштаганы айтылууда. Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери да быйыл бир топ көчөлөр оңдолуп, жаңыланары жөнүндө убадаларын беришүүдө. Кыскасы, жолдорубуздун оңолуп баратканы заманыбыздын жүзүн чагылтат.

Өнөр жай – экономиканын негизи

Өлкөнүн экономикасын өнөр жай көтөрөт. Кыргызстанда жеңил өнөр жайыбыз өз арабасын өзү тартып жаткан менен ири завод-фабрикаларсыз экономиканын өсүшү сезиле бербейт. Бул жагынан алганда Кыргызстанда “Кумтөр” гана бар. Ушундай ишканадан 5-10у иштеп турганда өлкө бир топ алдыга жылмак. Маселен, түштүктөгү “Кристалл” заводун иштете албай келебиз. Анын мүмкүнчүлүгү өтө чоң. Дүйнө жүзүндө мындай ишкана 3-4 өлкөдө гана бар. Компьютердик технологияга керектүү сырье өзүбүздө болуп туруп, ушул заводду иштете албаганыбыз өтө өкүнүчтүү.

“Жер-Үй” алтын кени көптөн бери талаш-тартыштын аркасында иштебей келет. Бул ишкана да иштесе өлкөбүздүн казынасына бир топ каражат түшмөк. Чүйдөгү “Талды-Булак Сол жээги” алтын кени ишке берилет. Ал былтыр кышка жакын толугу менен бүткөн. Буга инвестицияны Кытай тарап салган.

Кыргызстан түрдүү кен-байлыктарга бай өлкө. Өзгөчө темир, калай, коргошун ж.б. кендери арбын. Көмүр боюнча өлкөбүз Союз учурунда Орто Азиянын “кочегары” деген атка конгону белгилүү. Кыскасы, азыр Өкмөт өнөр жайга негизги көңүлдү буруу керек. Албетте, Кыргызстандын ЕАЭСке мүчө болушу менен айрым завод-фабрикалар кайрадан иштей башташы да мүмкүн. Россия, Казакстан, Белоруссиядан инвесторлордун келиши күтүлүүдө. Маселен, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ОДКБ) Генералдык катчысы Николай Бордюжа 30-январда Москвада өткөн маалымат жыйынында Кыргызстан, Белоруссия жана Армениядагы аскердик техникаларды чыгаруучу заводдорду кайрадан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү каралып жаткандыгын билдирди. Анын: ”Мурда Украинанын аймагында жасалып келген аскердик техникаларды чыгарууну улантууга Кыргызстан, Белоруссия жана Армениядагы заводдорду пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү каралууда” – деп айтканы бар. Бул маселенин бир эле өңүрү. Мындай өндүрүштүк байланыштар башка тармактарда да жүрөөрү белгилүү.

Инвестициянын келиши – экономиканын алгалашы

КР экономика министрлигинин тыянагына таянсак, Кыргызстанга ири инвестиция салган 5 өлкөнүн алган орду төмөнкүдөй болгон. Маселен, 1 млрд. 118 миллион доллар салып, Канада 1-орунда турат. 893 млн. доллардан ашык инвестиция салып, Казакстан 2-орунду алган. Ал эми 753 млн. доллар менен Кытай үчүнчү, 494 млн. доллар салып Англия 4-орун, 288 млн. доллардан ашык инвестиция салуу менен Россия 5-орунду алган.

Бардыгы болуп 2007-2013-жылдарда 4 миллиард 755 млн. 769 миң доллар тикелей инвестиция келген.

Арабаны айыл чарба тартабы?

8-майдан кийин Казакстан менен болгон чек ара ачылып, Россияга карай айыл чарба азык-түлүктөрү агыла баштайт деген пикирлер арбын. Ылайым эле ошондой болсун. Бирок, ага чейин да көп иштерди жасаш керек. Эл аралык стандарт деген бар. Логистикалык ири өткөрүү борборлорун куруу иштери алдыда турат. Башкасын кечеңдетсек дагы, буларды кечеңдетүүгө болбойт. Региондордо айыл чарба продуктыларын кайра иштетүү өндүрүшүн жандандыруу зарыл.

Негизи, өндүрүш көтөрүлбөсө, өлкөдө өнүгүү болбойт. Бул – турмуштун далилдөөнү талап кылбаган аксиомасы.

 Азизбек ЧАМАШЕВ