Нарындык «Чоролор» жогорку бийликтегилерге кайрылуу менен чыгышууда
5-февраль күнү өзүн «Кыргыз Чоролору» коомдук бирикмесинин аймактык чоросу деп тааныштырган Темирлан Чукушов аттуу жаран нарындык бир катар жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрүнө атайын кайрылуу таратты. Ал КРнын Президентине, ЖК төрагасына, Премьер-министрге, УКМК төрагасына жана ИИ министрине жолдонгон кайрылууну «Улут тагдыры-устаранын мизинде» деп атагандыктарын белгиледи.
-Бул акцияны өткөрүүнүн максаты Бишкекте жана башка шаарларда кыргыз кыздарынын жеңил ойлуулугун пайдаланып, аны бизнеске айландырган адамдар бар. Ошондуктан сойкулук максатында иштетилген көңүл ачуучу жайларды жабуу, сойкулук менен аракеттенгендерге катуу чара көрүү, Кыргызстандын тартиптерин сактабаган чет өлкөлүк жарандарга айыптарды 100 эсе жогорулатуу жана «Кыргыз Чоролору» (КЧ) бирикмесинин мүчөлөрүнө куугунтуктоо ишин токтотуу талаптарды коюп жатабыз,-дейт Т.Чукушов мырза. Бирок ал КЧ мүчөлөрүнө кандай куугунтук келтирилип жаткандыгы тууралуу маалымат берген жок.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Комментарий кошуу