нарын гэс

5-февраль күнү Нарын шаарында Жогорку Нарын каскаддарынын (ЖНК) курулушунун айлана-чөйрөгө таасир берүүсүн баалоо боюнча коомдук угуу болуп, анын жүрүшүнө жергиликтүү бийликтин, тиешелүү тармактардын өкүлдөрү, ЖНКнын курулушу жүрүп жаткан Нарын районунун Дөбөлү, Орток жана Чет-Нура айыл аймактарынын айрым тургундары катышышты.

Отурумда Чүй экологиялык лабораториясынын башкы деректири Аймажал Усубалиева береги ири курулуштун айлана-чөйрөгө таасири тууралуу баалоо иштери башталгандыгын, азырынча эч кандай терс таасирлер жоктугун билдирди. Бирок мындай маалыматка бир катар жарандар макул болушкан жок.

-Сиздер жакында эле иштей баштапсыңар. А бизде болсо жумуш башталганына негизи эки жыл болууда. Ушул аралыкта эң башкы көйгөй чаң болуп жатат. Чаңдан адамдар гана эмес, мал дагы, жер дагы жапа чегүүдө,-деп Орток айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Миртемир Турдалиев белгилесе, Чет-Нура айылынан келгендер карьер алуучу жай айылга жакын орун алгандыгын, аба чубалгылардын коопсуздуксуз абалы ж.б. маселелерди собол кылышты.

-Мен чоң-чоң ГЭСтерди курууга катышкам. Күрп-Сай, Үч-Коргон, Шамалды-Сайга караганда бул жактагы ГЭСтер чынында кичине болуп саналат. Негизи ГЭС курууда экологияга зыян келтирилбейт,-деп “Жогорку Нарын суу электр бекеттери» жабык акционердик коомунун (ЖНСЭБ) кыбаачысы Жолдош Жетигенов өз жообун кайтарса, ЖНСЭБдин дагы бир кыбаачысы Азамат Сатаев кеп болгон №27-карьер учурда иликтенип жаткандыгын, ал зарылдыкка жараша гана казылаарын билдирди.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу