Нарындан 4 врач атайын программага карабастан жумуштан бошоп кетишкен
Учурда Нарын облусу боюнча врачтардын 653 штаттык бирдиги бар. Бирок 406 гана дарыгер иштеп жатышат. Ал эми алардын 51 жаш курактан жогоркулары 57 пайызды түзөт. 30 жашка чейинки дарыгерлер болсо 30 адам же 7,8 пайыз.
Бул тууралуу маалыматтарды облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун деректири Анара Бердикожоева билдирди.
-Азыркы учурда саламаттыкты сактоо тармагына 137 дарыгер жетишпейт. 2014-жыл ичинде облуска 27 врач келсе, 17 дарыгер ар кандай себептер менен бошошкон. Алардын үчөө республикадан сырткары, ону Бишкек шаарына көчүп кетишкен. «Врачтардын депозити» программасына 19 врач кирсе, алардын төртөө ар кандай себептерден улам депозиттен чыгып кеткен,-дейт А.Бердикожоева айым.
Ал эми Нарын шаардык саламаттыкты сактоо тармагынын атайын отурумунда бир катар жаш дарыгерлер Нарында шарттын жоктугун, катаал климаттык абалды башкы себеп деп белгилешкен.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу
Комментарий кошуу