торт1- торт-

4-февраль күнү облус жетекчиси Аманбай Кайыпов жана Нарын шаарынын мэри Ырахат Адиев Нарын шаарындагы «KG-Naryn» деп аталган кондитердик кичи ишканада болушту. Ишкана ээси, жаш ишкер Адилет Эшенов учурда торттордун 31, нандын 4 жана печеньелердин 10 түрү чыгарыла баштагандыгын белгиледи.

-Биз өткөн жылы «Жаш ишкерлер мектеби» долбооруна катышып, окуудан өткөнбүз. Жыйынтыгында жазган долбоорубуз 25 катышуучудан алдыңкы үч орунга татыктуу деп табылган. Андан кийин облус жетекчиси жарыялаган атайын сынакта биринчи орунду ээлеп, 100 миң сомду өкүлдүн камкордук корунан пайызсыз убактылуу мөөнөткө алганбыз. Бул каражатка 234 миң сом кошуп ушул ишкананы ачтык,-дейт А.Эшенов мырза. Өз сөзүндө А.Кайыпов мырза жаш ишкерге ийгилик каалап, бардык нерсе акырындык менен башталаарын, ал үчүн талыбаган эмгек жана сапаттуу продукция чыгаруу зарылдыгын билдирди.

Чакан ишканада улуттук уңгудагы “Боз Үй”, “Таш-Рабат”, «Кыргызстан» деген торттор менен бирдикте суроо талапка жараша жасалуучу торттордун түрлөрү жасала баштагандыгына күбө болдук.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу