жол кочкор1

Кочкор районунун Сары-Булак айылынан Ак-Таш деген жерге чейинки жолдор өз учурунда каралбагандыгы тууралуу эл арасында нааразычылыктар бар экендигин облустун жетекчиси Аманбай Кайыпов жыл жыйынтыгы чыгарылган отурумда белгиледи.

-Биз өткөн жылы пландан ашык 700 миң сомго жумуш жасадык. Бирок берилген учурдагы акча каржатка жолдорду союз убагындагыдай жумасына сүрүп туруш үчүн 26 млн.сом керек. Каржы чечилмейин жолдор ушундай эле боло берет,-деп жооп кайтарды Д.Алканов атындагы №14- жол тейлөө ишканасынын (ЖТИ) жетекчиси Каналбек Бердибеков.

Береги ЖТИ Кочкор районунун Сары-Булак айылынан Ысык-Көл облусунун Кара-Саз жана андан ары Нарын районунун Орук-Там, ошону менен катар Сары-Булак-Төлөк-Соң-Көл жолдорун тейлээрин облустук жол башкармалыгы маалымдады.