виза

  Нарын шаарындаУлуу Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого карата өкүлдүн аппараты «Мыкты сценарий» сынагын жарыялагандыгын аппараттын бөлүм башчысы Динара Жунусова билдирди.

-Алдыдагы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөөгө карата атайын сынак жарыяланууда. Анда Ата Мекенди сүйүү, анын ички жана сырткы коопсуздугун сактоо, жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо, ата-бабалардын калтырып кеткен баалуулуктарын кадырлоо, аны кийинки муундарга чып-чыргасын коротпой өткөрүп берүү ушул сценарийдин башкы максаттарынан болуп саналат. Ошондуктан өкүлдүн аппараты 3-апрелге чейинки мөөнөттө ачык сынак жарыялоодо,-дейт Д.Жунусова айым.

Натыйжада келип түшкөн эмгектер атайын уюштурулган курамга 3-апрелге чейин берилип, анда жеңүүчү деп табылган сценарийдин авторуна 5 миң сом сыйлык белгиленип, ал каражат өкүлдүн камкордук корунан ыйгарылмакчы.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу