врач

Нарын шаарында жашап жатышкан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын үй-үйлөрүнө барып, алардын саламаттыгына текшерүү жасалгандыгын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун деректиринин орун басары Нургүл Өмүрканова билдирди.

-Жүрөк, көз, кулак-мурун жана башка болуп жалпысы 7 дарыгерден турган топ согуштун катышуучуларынын ден соолуктарын бир сыйра карап чыгышты. Аларга биз тараптан гуманитардык жардамдарга келген дары-дармектер таратылды. Ал эми жашаган жерине тиешелүү болгон үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жамааты ар бир ардагерге бирден кол саат тапшырышты,-деп маалымат берди Н.Өмүрканова айым.

Дарыгерлер учурда Нарын шаарында жашап жаткан 4 ардагерди толук карап чыгышкан.

Күиөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу