2014-жылдын жыйынтыгы менен Нарын облусу туризм тармагындагы ийгиликтери үчүн КРнын Маданият, туризм жана маалымат министрлигинин алдындагы туризм департаментинин «Баш байге» наамына татыктуу болду. Бул тууралуу атайын өкүл жыйын учурунда билдирди.

Аманбай Кайыпов1

-Жакында туризм департаменти жыл жыйынтыгын чыгарып, анда мурунку жылга караганда туристтердин келиши, бул тармактагы жетишкендектер боюнча Нарын облусу алдыңкы орунду ээлегендигин маалымдашып, атайын сертификат да беришти. Дагы бир жагымдуу кабар, Нарын облустук телерадио компаниясы болсо телекомпаниялар арасында биринчи орунду ээлеп, 50 миң сом менен сыйланышты,-деп билдирген облус жетекчиси А.Кайыпов мырза телерадио компаниянын жамаатына «Куттуктоо кат» тапшырды.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу