нар

  –Нарын шаарын жасалгалоо талапка жооп бербейт. А эми көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары таштандыларын контейнерлерге эмес сыртка төгүшүп, айлана-чөйрөнү тескерисинче булгашат. Экинчиден, иштеген кызматчылардын эмгек акылары аз,-деген кинесин келтирет Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасынын жетекчиси Билимбек Жакиев. Бирок мындай пикирге шаар бийлиги макул эмес.

-Шаардын жергиликтүү бюджетинин дээрлик 30 пайызы ушул ишканага берилет. Ошондуктан таштанды үчүн чогултулуучу каражатты толук аткарып, быйыл ишкана шаар боюнча көп кабаттуу бир үйдүн сыртын үлгү катары жасап чыгуулары керек,-деген жүйөөсүн айтат шаардык Кеңештин төрагасы Эрмек Турсуналиев.

Аталган ишкананын эсеп-кысап бөлүмү жалпысы 97 адам эмгектенип, орточо айлык маяна 6500 сом экендигин билдирет. Ишкана жетекчиси болсо өздөрү олтурган кеңселерде жылуулук системасы жок экендигин маалымдайт.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын шаары