Эмираттын делегациясы Кыргызстанга келүүгө камынууда
Бириккен Араб Эмираттарындагы Кыргызстандын Генралдык консулу Кубанычбек Өмүралиев 14-январда Абу-Даби шаарында атпалган өлкөнүн энергетика министри Сухаил Мохамед Аль Мазрои менен жолугушту.
Тараптар жолугушуу учурунда мурдагы макулдашууларга ылайык эмираттык делегациянын Кыргызстанга иш сапары менен байланышкан маселелерди талкуулашты.
Эмираттардын энергетика министри алтын кендерин иштетүү, гидроэнергетика, айыл чарбасы, алюминий иштетүү, банк тармагы, туризм, айрыкча лыжа базалары жана мейманкана бизнеси, инфраструктуралык жана башка долбоорлор менен таанышып, талкуулоо үчүн Кыргызстанга келээрин тастыктады.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарий кошуу