Нариман1

Нариман Түлеевге козголгон кылмыш ишиндеги Кытайдан алынган автобустардын баасын тастыктоочу документ жоголгону айтылды

Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевге карата козголгон кылмыш ишиндеги айрым документтердин түп нускасы жоголду. Муну 11-ноябрдагы соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу билдирди. Материалдардын ичинен Кытайдан алынган автобустардын баасын тастыктай турган маалым каттар жоголгону айтылды. Мамлекеттик айыптоочунун айтымында, маалым катты прокуратурага Кытайдын “TONGDA” фирмасы берген. Андагы маалыматтар менен автобустардын кымбат баада сатылып алынганын көрүүгө болору маалымдалды. УКМКнын Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Азиз Бакиров суракка алынып, ал “маалым кат кылмыш ишинин материалдарында бар болчу” деп жооп берип, “бул документ менен бардык айыпталуучулар тергөөдө жана соттун биринчи инстанциясында таанышып чыгышкан” деп кошумчалады. Документ кандайча жоголуп кеткенин айткан жок.
Соттук коллегиянын чечими менен документтин көчүрмөлөрү кылмыш ишинин материалдарына тиркелди.
Булак: super/kg