Кытай Эл Республикасынын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин тышкы байланыш бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары (вице –министр деңгээлинде) Чжоу Ли баштаган делегация 12-16-ноябрь күндөрү Кыргызстанда иш сапары менен келет деп билдирди КСДП фракциясынын катчылыгы .

Иш сапар алкагында жогорку денгээлдеги жолугушуулар күтүлүүдө.

Ошондой эле делегация КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков жана Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясына кирген фракция лидерлери менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча маселелер талкууланат.

Бул сапарда кытайлык делегация айрым өкмөт мүчөлөрү менен жолугушкан соң, Ош облусуна сапар алышып, өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү С. Жээнбеков, шаар мэри А. Кадырбаев менен да кезигишет.

Кытайлык делегациянын курамы:

Чжоу Ли КПК БК тышкы байланыш бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары (вице- министр денгээлинде) делегациянын башчысы;

Чжау Лей КПК БК ТББ 6- башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;

Бао Хун КПК БК ТББ 6- башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы;

Ли Ин КПК БК ТББ 6- башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Ван Юе КПК БК ТББ 6- башкармалыгынын 3-секретары;

Ван Фэн Ван Юе КПК БК ТББ 6- башкармалыгынын эксперти.