Мугалимдердин айлык акысы 50%га көтөрүлүшү мүмкүн
Энергетикалык туруктуулукту колдоо үчүн бюджеттен кошумча 3 миллиард сом бөлүндү,- деп билдирди финансы министри Ольга Лаврова басма сөз жыйынында. Бишкек ТЭЦине көмүр сатып алуу үчүн 750 млн. сом, электр энергиясын сатып алууга 2,2 сом жумшалган. Мындан тышкары, “Электр станциялары” ААКсына Евразиялык өнүгүү банкынан кредит алуусу үчүн бюджеттик ссуда берилген.
Министрдин айтымында, мугалимдердин айлык акысы үстүбүздөгү жылдын экинчи жарымында 50%га көтөрүлүшү мүмкүн. Анын билдирүүсүндө, май-июнь айында министрлик Евразиялык экономикалык союзга кирүүсүн эске алуу менен түзүлгөн бюджеттин жаңы долбоорун сунуш кылат. Анда бюджеттин киреше бөлүгү көбөйүүсү менен бирге эле анын чыгымдары да өсмөкчү. Министр ЕАЭСке кирүүнүн аркасында бюджеттин кирешелеринин өсүүсү мугалимдердин айлык акысын көбөйтүүгө каражат бөлүүгө мүмкүнчүлүк болот деген ишенимин билдирди. Белгилей кетсек, мугалимдердин айлыгын көбөйтүүгө каражат табууну Президент Алмазбек Атамбаев тапшырган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча буга 6 млрд. сом керектелет.
2014-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын тышкы карызы 3,8 млрд. долларды түздү. Бул сумма ИДПнын 54%ына тең. Ал эми ички карыз 300 млн. доллар. Бирок министр О.Лаврованын көз карашында бул үчүн тынчсызданууга жана тыштан карыз алуудан баш тартууга негиз жок. Бюджет тартыштыгы тышкы займдардын эсебинен жабылып келген жана жабылат. Тышкы карыз боюнча абалдын оорлошу ИДП 12 миллиард сомго кыскарганына байланыштуу. Биз 2015-жылы ИДП өсөт деп үмүттөнөбүз жана анын эсебинен тышкы карыз да кыскарат, – дейт министр.
Бегим ТУРДАЛИЕВА


Комментарий кошуу