түрмө

 Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Бишкек ШИИБдин опер кызматкери Бакай Сыдыгалиевди өлтүргөн кылмышкер Александр Сояпиндин иши боюнча биринчи соттук отурум болуп өттү.

Конвой сот залына Сояпинди алып кирер замат, милиционердин туугандары: 10 чакты аялдар жана эркектер аны ур-токмокко алууга аракет кылышты. Бирок, соттолуучуну коштоп келген кароол буга жол берген жок.

Эске салсак, 2014-жылдын 14-ноябрында Бишкекте абактан качып кеткен кылмышкер Сояпинди кармоо маалында милициянын капитаны 28 жаштагы Бакай Сыдыгалиевге ок тийип ошол жерден каза болгон.

Кийин Бишкек ШИИБдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери, ШИИБдин атайын ыкчам аракет кылуу бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Сояпинди Наталья Мезина атуу аялдын Долон көчөсүндөгү №6 үйүнөн кармашкан.

Александр Владимирович Сояпин 1972-жылы туулган. 2014-жылдын 30-июнунда 1-май райондук соту тарабынан «куралды мыйзамсыз алып жүрүү» беренеси менен 4 жылга эркинен ажыратылып, 18-октябрда абактан качып кеткен.

Булак : Баракелде