судьял

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди «2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программаны (ММП) иш жүзүнө ашыруу. Кыргыз Республикасынын сотторун финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыздоону өнүктүрүү аталыштагы тегерек столго чакырабыз.

Тегерек столдун катышуучулары – Кыргыз Республикасынын сот тутумунун, Президенттин аппаратынын, Жогорку Кеӊештин, Өкмөттүн, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү.

Иш-чара эртеӊ, 2015-жылдын 20-февралында, «Парк Отель Бишкек» мейманканасынын конференц-залында өтөт (дареги: Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 87).

Катышуучуларды каттоо 08:30дан 09:00гө чейин жүргүзүлөт.

Семинардын башталышы саат 09:00дө.

Сиздерди биздин иш-чарада көрүүгө кубанычтабыз