Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн 149 млн. сом төлөндү
2014-жылы эл аралык соттордо Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон юридикалык компанияларга өлкөбүздүн каржы министрлиги тарабынан 149 млн. сом төлөнгөн. Мындай маалыматты 12-январда министр Ольга Лаврова билдирди.
Айтымында, бир нече компания өзүлөрүнө алган милдеттенмелерди белгиленген убакытта аткара алышкан эмес. Натыйжада, 50 миллион сомго жакын каражат үнөмдөлгөн.
Мисалы, Winston & Strawn LLP, Michael Wilson & Partners, Ltd., ТОО «Шервуд и Маккензи» компаниялары, Lorenz, «Сатаров, Аскаров и партнеры», «Авроры Грин», «Арнольд и Портер» фирмалары “АзияУниверсалБанк”, “БТА Банк” жана Жер-Үй боюнча эл аралык соттордогу териштирүүлөргө катышкан.


Комментарий кошуу