“Кыргызстан кедей мамлекеттердин тизмесинен чыкты”
Араб өлкөлөрүнө расмий сапар алдында Президент Алмазбек Атамбаевдин республикалык телеканалдардын журналисттери тарабынан берилген олуттуу соболдорго жай олтуруп, жипке шуру тизгендей ар бир сөзүн кынаптап, ынанымдуу жооп кайтарганы көбүбүздү ар кандай күдүк ойлордон арылтып, жонубуздан оор жүктү алып ыргыткандай эле таасир калтырды.
Кыштан аман чыгабыз
Мамлекет башчысына адегенде эле “Кыш чилдеде отунсуз калбайбызбы, электр энергиясы тартыш, жут болбой жазга аман-эсен жетебизби?” деген суроо узатылды:
-Кудай элибизди, жерибизди, журтубузду, ар бир жараныбызды бөөдө кырсыктан сактасын. Электр энергия маселеси чечилген. Казакстан менен сүйлөштүк, быйыл дагы, эмдиги жыл дагы бизге керектүү көлөмдөрдө электр энергиясын беребиз деп жатат. Ага төлөнүүчү акчасы дагы Энергетика министрлигинин эсебине которулган, бардык нерсе даяр. Албетте, энергетикада маселелер көп. Аларды жакынкы 2-3 жылда чечебиз.
Газдын өчүрүлгөнү бизди көйгөйгө салды
Быйыл апрель айынан бери Ош шаарынын калкы көгүлтүр отунсуз калып кыйла кыйналды. Бул маселе жакынкы 1-2 жылдын арасында “Газпром” аркылуу чечилет, намысты бекем тутуп, эркиндикти туу кармап, бир аз чыдай тургула деп Мамлекет башчынын айтканы бар. Ошентсе дагы көпчүлүк деген көпчүлүк, баягы үшүп кышкысын жан ачыгандар көчөгө чыгып кетпес бекен, ага Өкмөт, бийлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар боюнча суроого да журт башчысы ынанымдуу жооп кайтарды:
– Үшүп кеттим деп көчөгө чыккандар деле болбойт го. Албетте, газдын өчүрүлгөнү биз үчүн дагы бир маселе жаратты, акыркы айлардын ичинде ушул маселе боюнча абдан катуу иштеп, эки жол таптык. Биринчи, Кызыл-Кыя шаарынын жанында көмүрдөн синтетикалык газды чыгаруу боюнча завод курабыз. Инвестор дагы табылды, ошол 200-300 миллион долларын каржылоого өзү макул. Экинчи, “Баткеннефтегаз” деген ишканабыз Баткенден бир газдын резервдерин тапты. Ал анча деле көп эмес, бирок, ушул түштүктү 5-10 жыл газ менен камсыз кылганга жетет экен. “Баткеннефтегаз” мүмкүн өзү дагы аны иштетеби же иштете албайбы, ошондуктан, аларга дагы, андан тышкары, “Газпромго” кайрылдык. Ошол табылган жеринен Ошко, андан ары Жалал-Абадга алып барганча дагы бир 200-300 миллион доллар кетет экен. Газды түндүктөн түштүккө алып барыш үчүн 1,5 миллиард доллар кетет. “Газпромго” ал акчаны “Кыргызстандан газ же нефть тапканга жумшагыла” деп айткам. Алар буга макул.
Мындан ары Ташкентти карай чуркамай жок
– “Чындыгында акыркы 20 жылдын ичинде коңшу тарабынан газ өчүрмөй, жолду жапмай көп эле жолу болгон. Анын үстүнө билесиңер кыш келген сайын эле кыргыздын бийлиги жалдырап, 31-декабрга чейин “газ береби, жокпу” деп Ташкентте жүрчү. Ошондуктан, бул жолу дагы газ өчүрүлгөндө, алар кыргыздын Премьери, Президенти чуркап келишет деп ойлогон. Мындан ары мындай болбойт”,- деди Президент Алмазбек Атамбаев.
“Чакырганга келбеген ымдаганга зар болот”
Өлкөбүз Бажы бирлиги менен Евразиялык экономикалык шериктештикке кирээри чечилген маселе. Бирок, талаштар дагы эле уланууда. Экономикага караганда саясаты көбүрөөк дегендер да бар. Негизи эле ушул чечимди Кыргызстан үчүн өзүн актаган кадам деп эсептөөгө болобу? Мамлекет башчысынын пикири бул боюнча төмөнкүчө:
– Бул кадамга 3 жылдан бери даярданып жатабыз, бардыгын эсептеп, жакшылап акыл калчадык. Өткөн жылы декабрда Москвага барганыбызда Кыргызстандын ушул Евразиялык биримдикке кирүү үчүн картасы даяр, кол коебуз дешкенде, “мындай карта бизге кереги жок, мындай шарт менен кирбейбиз” деп айткам. Азыр биз койгон шарт менен кирип жатабыз. Ал үчүн да албетте коңшуларыбызга рахмат, түшүнүп туруп биз койгон шартты кабыл алып жатат. Анткени, бул биримдикке кирүү өзүбүзгө керек. Сый менен кирип алганыбыз туура болуп турат. Бул – жети ирет, андан да көп өлчөнгөн чечим. Кирбей калсак, кийин өзүбүз катуу өкүнөбүз. Ошондуктан, кыргыздын “чакырганда келбеген, ымдаганга зар болот” деген дагы бир макалын эскертким келет.
Көп маселелерге айла жоктон киришип жатам
Азыр Президент Атамбаев бийликти узурпациялап алды дегендер да жок эмес. Ушул сөздөрдүн жүйөсү барбы? Бул кептердин төркүнүн Алмазбек Шаршенович төмөндөгүчө түшүндүрдү:
– Албетте, мындай сөздөрдү укпаш үчүн “араба сынбасын, өгүз өлбөсүн” деп өз жанымды багып жыргап жүрө берсем деле болмок. Ошол эле энергетикага киришпесем, азыр жарык өчүп турмак. “Президентти шайладык, ал эмнени карап жатат” деп, эл менден сурайт экен. Жагабы, жакпайбы, мына 3 жыл калды, өз укугумдун чегинде, Конституцияны бузбастан, мамлекет үчүн керектүү маселеге баары бир киришем.
Эл өз келечегин өзү чечет
Келерки жылы парламенттик шайлоо өтөт. Ошол шайлоолор ачык-айкын, адилеттүү өтөт дегенге кепилдик барбы? Президент Алмазбек Атамбаев өз пикирин кийинкидей билдирди:
– Биринчиден, шайлоо таза өтүшү үчүн бардык аракетти кылып жатабыз. Мен да өз салымымды кошуп жатам. Мына Түштүк Кореяга баргам, ал жерден шайлоо үчүн 5 млн. евро бөлүп берүүдө, ушул маселе боюнча Евробиримдикке да барып келгем, 10 млн. евро берип жатат. Биометрикалык маалыматтарга таянып, шайлоо өткөрөбүз. Ар бир адам бюллетень алыш үчүн өзүнүн бармагын басат компьютерге. Эгерде баш тартса же мурда изи катталбаса, анда бюллетень ала албайт. Ошондуктан, кошумча бюллетендер болбойт. Канча киши келсе, ошончо бюллетень болот. Экинчиден, мурунку заман жок. Бирөө отуруп эле бул партия мынча алды, тиги мынча алды деп чече албайт. Участкаларда абдан каттуу көзөмөл болот. Эл өз келечегин өзү чечет.
Коррупцияга каршы күрөш уланат
Коррупцияны бир же эки жылда жеңип, тамырына балта чабыш кыйын. Күрөш күндө жүрүшү керек. “Жакында эле бир катар депутаттарга коррупциялык айыптар тагылды, дагы бир тобу үрпөйүп олтурат дейт. Ошол эле кезде кээ бир талдоочулар бул антикоррупциялык саясат өзүнүн каршылаштарын өчүн алыш үчүн тандоо иретинде жүрүүдө деп айтып жатат”, -деген суроого Президент:
-“Мындай сөздөр мен кеткенче боло берет окшойт. Анткени, азыр үрпөйгөндөр, качан мага кезек келет дегендер көп. Мына азыр кимдин артынан иш козголсо эле, дароо ооруп калат же “бул – репрессия, бийликтин мага каршы уюштуруп жаткан иши” деп кыйкырып чыгат. Бирок, кандай кыйкырык жана ушак болсо да, коррупция менен күрөш мындан ары да улана берет”,- деп жооп узатты.
Кумтөр маселесин чечпесек акыбалыбыз оорлошот
– “Айла жоктон айтып жатам да. Көзүм жетип турат, минтип отурса, ошол өзүбүздүн колубуздагы 33% акцияны пайдалануу укугубуздан айрылабыз. Өткөн жылы популизмди азайтып, парламент Жантөрө Сатыбалдиевдин Өкмөтүн колдоп койгондо, бул маселе чечилип калмак. 50%ы Кыргызстанга тиешелүү орток ишкана түзүлмөк. Азыр ушундай мүмкүнчүлүктөн да ажыраганы турабыз. Ошондуктан, бул маселени тез арада, бир-эки ай ичинде Өкмөт менен Парламент биргелешип чечүүгө тийиш”.
Мөөнөтүмдү узартайын деген оюм жок
Мындан бир аз убакыт мурда Алмазбек Атамбаевдин “Сот реформасын жүргүзүү үчүн керек болсо, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл” деп айтканы ал өзүнүн мөөнөтүн дагы узартып алгысы келип жатат деген сөздөрдүн чыгышына түрткү берди. Чын эле анын ушундай ниети жогун өлкө башчысы:
– “Сот реформасын анча жакшы жүргүзө албай жатабыз. Такыр эле болбой баратса, мүмкүн келечекте чын эле Конституциянын айрым беренелерин карайбызбы, колдон келишинче, мыйзамдарга бир өзгөртүү киргизүү менен башка бир жолун тапсак деген оюм бар. Конституцияга тийбей турсак. Кайталайын, мага деле 3 жыл калды. Мен өзүмө берилген алты жылда жакшы иштерди бүтүрүп берип кетсем, мага ошол деле жетишет. Мөөнөтүмдү узартайын, такта калайын деген такыр оюм жок”, – деген жообу менен билдирди.
Чектөө менен маселе чечилбейт
“Кыргызстан жарды деген менен элибиздин тың жашаганы көзгө көрүнүп калды. Бирок, тапканыбыздан чачканыбыз көп болуп жаткандай сезилет. Байлык жыйноо – азап, чачыш – оңой. Тажикстандагыдай тыюу салынышы зарылбы?” деген суроого кийинкидей жооп кайтарылды:
– Биздин эл, өзбек, тажик, түркмөндөрдөй эмес, башкаларга окшоп тыюу салуу менен бир дагы маселе чечилбейт. Бир эле жолу бар – элге бул жакшы, бул жаман деп түшүндүрүш керек. Бул иште телевидениеге теңеле турган эч ким жок. Бул – теленин негизги милдети. Ушундай кыйналып тапкан акчаны жок дегенде бир саан уй алгандын ордуна арак-шарапка ысырап кылып жатасыздар деп, элге жакшылап түшүндүрсөңөр, ошондо ахвал өзгөрөт. Чектөө жолу менен маселе чечилбейт.
Быйыл расмий түрдө бизди Дүйнөлүк банк, чет элдик финансылык уюмдар Кыргызстанды кедей мамлекеттердин тизмесинен чыгарып салды. Эми Кыргызстан өнүгүп бара жаткан мамлекеттердин тизмесине кирет деп чечим чыгарды.
Ачык айтайын, кыйынчылыктар болот
Жаңы жыл алдында ар бир адамдын жүрөгүндө биз кайсы жакка бара жатабыз, бизди эмнелер күтүп жатат деген суроо жаралат. Ал эми Мамлекет башчысы кандай ойдо?
– Мамлекет үчүн канча эл канын төгүп, жанын берип жатат. Кээ бир элдер бар – 40 млн. күрд элинин өз мамлекети жок. Мамлекет куруп алалы деп жатышат. 20-30 млн. уйгур элинин өз мамлекети жок. Кудай бизге эгемендүү мамлекет берди. Кыргызстандын келечеги, эгемендүүлүк үчүн үшүмөк турсун, керек болсо, ар бир жаран жанын курман кылууга даяр болуш керек. Бизди эмне күтүп жатат? Ачык айтайын, кыйынчылыктар болот. Бирок, биз кыйынчылыктардан кантип чыгабыз, кайда барабыз жакшы билебиз. Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата, 2016-жылга чейин бир топ олуттуу негизги маселелер чечилет.
(Өлкө башчынын жыл узатаар алдындагы маеги кыскартылып берилди)


Комментарий кошуу