мурзуибраимов1

– Бектемир Мурзубраимович, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын түзүлгөнүнө 20 жыл толуп, өткөн жылдын 19-декабрь күнү А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет академиялык театрында салтанаттуу жыйын өткөрүлүптүр. Ал тарыхый маараке кандай маанайда өттү, кандай таасир калтырды – адегенде мына ушулар тууралуу кеп салып бериңиз.

– Салтанат негизинен уюшкандыкта өттү десек жаңылышпайбыз. Ага карата абдан жакшы даярдыктар көрүлгөн болчу. “Кыргызстандын эли бир үй-бүлөдө”, “Кыргызстан элинин Ассамблеясына 20 жыл. Адамдар, окуялар, фактылар” деп аталган эки тарыхый мазмуну терең, иллюстрацияланып шөкөттөлгөн китептерди чыгардык. Президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаев чын дилден куттуктап, 750 000 сом өлчөмүндөгү материалдык белек тартуулады. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Д.Нарынбаев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Б.Мамырова, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппарат жетекчиси – министр Момуналиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтердин жана агентстволордун жетекчилери, дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын, коомдук этникалык уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

– 20 жыл аралыгындагы Ассамблеянын ишмердүүлүгүнө, жетишилген ийгиликтерине токтоло кетсеңиз.

– Бул аралыкта Ассамблея өлкөбүздүн гүлдөп өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү болуп эсептелген этностор ынтымагын бекемдөөгө чоң салым кошкон тарыхый түзүм катары кадыр-баркка жетти деп айтта алабыз. Дал мына ушул уюм аркылуу Кыргызстандагы түрдүү этностук топтор бири-бирин терең таанып жатышат. Маданий ж. б. өңүттөгү баарлашуулар, өз ара жылуу пикир алышуулар жолго коюлду. Мунун баары ар турдүү тил, этнос, маданият өкүлдөрү экенине карабай жарандарыбыздын аң-сезимин Кыргызстандын бирдиктүү эли катары калыптанышына себеп болууда. Ассамблея ишке ашырып жаткан долбоорлор кыргыз маданиятын эл аралык айдыңда таанытууга жол ачып жатканын да баса белгилөөгө тийишпиз.

– Ассамблеянын ишмердүүлүгүнүн жемиштүү болушу үчүн мамлекеттик бийлик тарабынан сөзсүз түрдө колдоо болуп турушу керек. Бул жагынан кандай болуп жатат?

– Албетте, мамлекеттик бийлик тарабынан астейдил көңүл бурулуп, жетиштүү колдоо болбогондо куттуу уюмубуздун мындай жемиштүү иш алып баруусуна шарттар түзүлмөк эмес. Учурдан пайдаланып, эл ынтымагын бекемдеп келаткан Ассамблеяны колдон келишинче колдоого алып жаткан мамлекет жетекчилигине чын дилибизден рахмат айткыбыз келет. Президенттин Жарлыгы менен уюмдун статусу өзгөрүп, натыйжада Ассамблеянын иш-аракетинин чөйрөсү кыйла кеңейди. Акыркы жылдары “Туруктуу өнүгүүнүн стратегиясы жана Эл биримдигин, этностор аралык ынтымакты чыңдоо боюнча концепция”, Мамлекеттик тил саясатын өнүктүрүүгө арналган Улуттук программа, динге байланыштуу олуттуу чечимдер кабыл алынган. Бул стратегиялык документтерде белгиленген милдеттер Ассамблеянын да аткара турган негизги милдеттери. Элибизде “Мен кыргызстандыкмын” деген жалпы жарандык аң-сезим калыптанса, ар бир атуулубуз өз эне тили менен кошо элибизди бириктирүүчү мамлекеттик тилде да эркин сүйлөсө, жаратылышы кооз өлкөбүз ар түрдүү көрөңгөлүү маданияттардын гүлдөгөн мекенине айланса, ынтымактын берекеси менен өлкөгө инвесторлорду, туристтерди тартууга мыкты шарттар түзүлсө, келечегибиз кең болору анык. Жогоруда айтылган стратегиялык документтердеги милдеттерди кыйшаюусуз аткаруу дал мына ушундай кубанарлык натыйжаларга алып келет деп ишенем. Албетте, бул маанилүү вазийпаларды мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коом биргелешкенде гана аткарууга болот. Ырас, мурдагы жылдарда Ассамблеянын ишмердүүлүгүнө бийлик тарабынан болгон мамиле декларативдик мүнөздө жүргүзүлгөнүн жаап-жашыруу мүмкүн эмес. Ал эми азыркы бийликтин мамилеси таптакыр башкача – азыркы бийлик Ассамблеяга мамлекеттин бир негизги түркүгү экенин сезип билгендей өзгөчө маани берип жатканын айтууга милдеттүүбүз. “Биримдик концепциясы” Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бюджеттик-ресурстук каржылоо менен бекемделди. Албетте, күчтүү Ассамблея – бул анын курамындагы этникалык коомдук күчтүү бирикмелер дегенди туюндурат. Мамлекеттин бюджеттик жаңы саясатынын шарапаты ушул бирикмелердин ишинин активдешүүсүнө, алардын мамлекеттин өнүгүп өсүүсүнө кошо турган салымдарынын арбышына чоң өбөлгө болору шексиз.

– Жогоруда Ассамблеянын статусу жогорулады деп айттыңыз, андай болсо, маселен, башка жогорку бийлик органдары менен кандай иштешели деп жатасыздар?

– Туура, жаңы статус бизге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ыктуу пайдаланууга шарт түздү, биз аны так жана туура пайдаланышыбыз керек эми. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын “Этникалык, диний саясат жана атуулдук коом менен байланыш” бөлүмү менен тыгыз байланышып иш жүргүзүп келген болсок, эми өлкөбүздүн өкмөтүнүн составындагы министрликтер жана агентстволор менен да тыгыз байланышта иш жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп турган чагыбыз. Дагы бир бышып жетилген өтө маанилүү маселе – Жогорку Кеңеште структуралык бөлүм (комитет же депутаттык топ) түзүлсө жакшы боло турганы боюнча салтанаттуу жыйында сунушталды болду. Бул комитет же депутаттык топ келечекте Ассамблея менен биргеликте өлкөнүн улуттук этникалык саясатын жүргүзсө, көптөгөн маселелер оңунан чечилип турары айдан ачык. Ассамблея мындан тышкары келечекте Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясы, мамлекеттик кадрдык кызмат менен да тыгыз байланышта иш алып барат, бийлик органдарында этникалык азчылык өкүлдөрүнүн жетишсиздигин эсепке алат жана бул жаатта тиешелүү жумуштарды жүргүзөт.

– Ассамблеянын курамындагы диаспоралар, бирикмелер, маданий борборлор тууралуу азын оолак маалымат берсеңиз.

– Ассамблеянын түзүмүндө азыр 28 улуттук маданий борбор, Ошто жана Жалал-Абадда эки аймактык бөлүм, Токмокто этникалык өнүгүү кеңеши, ошондой эле улуттук маданий борборлордун Нарындан башка облустарда 72 филиалы бар. Кыргызстанда 154 этностун өкүлдөрү жашайт (2009 ж. маалымат), бул жалпы элдин 28 пайызын түзөт. Дээрлик бардык этникалык уюмдардын өзүлөрүнүн Ассамблея колдогон өздүк-көркөм чыгармачылык жамааттары бар. Беш этникалык уюм өз эне тилдеринде гезит-журналдарын чыгарышат. Телерадио корпорация менен Ассамблеянын долбоорунун негизинде бир нече маалыматтык долбоорлор ишке ашырылган. Мисал үчүн азыр коомдук телерадио корпорациянын биринчи каналы жана “Достук” радиосунан дунган, поляк, татар, түрк, орус, өзбек, уйгур, украин тилдериндеги программалар эфирден уктурулууда. Кыскасы, мамлекет бул жагынан колдон келген шарттарды түзүп берип келатат. Өзгөчө белгилеп айта турган дагы бир жетишкендик – Ассамблеянын алдында “Тилдер борборунун” ачылышы. Бул борбор ар бир улуттун өз эне тилин жана мамлекеттик тилди өздөштүрүүсү үчүн түзүлгөн. Ошол максаттын ишке ашырылышы үчүн аталган борбор эң сонун өбөлгө болду деп айтууга толук негиз бар.

– “Маданият” деп аталган жаңы телеканал ачыла турганы кабарланды. Бул канал аркылуу Кыргызстан элинин 30 пайызга жакынын түзгөн башка улуттардын маданиятын, турмуш-тиричилигин, улуттук өзгөчөлүктөрүн чагылдырып турууга жакшы шарт түзүлөт деп айтсак болобу?

– Ошондой болот деген үмүттө күтүп турабыз. Телеканалды кантип уюштурууну талкуулоо максатында телерадио корпорациянын жетекчилиги жакында таанымал инсандарды атайын чогултуп, кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге мен да катышып, Кыргызстанда жашаган бир жарым миллиондон ашуун башка улут өкүлдөрүнүн маданиятын, ж. б. жааттарын чагылдырып туруу, улуттук саясат тууралуу өзүмдүн ой-пикиримди, сунуштарымды айттым. Буюрса, жакшы жетишкендиктерге ээ болобуз бул жагынан. Аталган телеканал өлкөдөгү улут аралык мамилелерди чыңдоого, элдердин биримдигин бекемдөөгө өтө маанилүү кызмат кылат деген үмүттөбүз.

Аңгемелешкен: Мирзохалим Каримов