Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигинде жылдык жыйын болуп өттү
Жыйын Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министри Тайырбек Сарпашевдин катышуусу менен болуп өттү. Министр Таалайбек Алимбекович айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу департаменттерден жылдык отчет алуу менен башталды. Жыйында бул темалар каралды:
1) 2015-жылдык түшүм үчүн күздүк айдап себүү иштери;
2) Суу чарба департаментинин 2014-жылга жыйынтык отчету;
3) Жайыт департаментинин 2014-жылга жыйынтык отчету;
4) 2014-жылдын жыйын боюнча каралган темалар боюнча токтому.
Жыйында департаменттердин отчетун талкулоо менен жазгы айдап себүү иштерине кандай даярдыктар болуп жаткандыгы тууралуу иштерине баа берүү менен өттү. Министр Таалайбек Алимбекович 2015-жылдык түшүм үчүн күздүк айдап себүү иштерине маңыздуу маани берүү менен былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл ыкчам аракет кылуу керек экендигин белгилеп өттү. Ошону менен бирге күздүк айдап себүү иштерине жаңы метод киргизүү чегинде тургандыгын белгиледи. 2014-жыл кургакчылык мезгил болгондугуна байланыштуу бул жылы ар бир региондордун суу чарба башчыларына өз иштерине так жана чоң жоопкерчилик менен кароосун чакырды. Жайыт департаментинин бир жыл ичинде жасалган жумуштарын карап чыгуу менен келерки жайкы мезгилдеги чабандардын жайыттарга отурукташуу мезгилин тактоо жана ар бир чабандын малдарынын эсебин тактап ошол эле учурда, убагында мал доктурдун көзөмөлүнөн өткөрүп туруусун тапшырды. Жыйын соңунда Тайырбек Сарпашев айыл чарба жана мелиорация министрлигинин бул жылкы айдап себүү, жайкы сугат иштерине жана түшүм алуу мезгилине толук түрдө кам көрүп чыгуусун тапшырды.


Комментарий кошуу