скрепка

Турмушубузда анча байкалбаган, бирок бир топ иш кагаздарында жардамын тийгизген скрепка 1899-жылы пайда болгон. Скрепка жок кезде кагаздарды жип менен байлап ирээттешкен. Бул ыкма бир топ түйшүктү жана убакытты талап кылгандыктан кийин төөнөгүчтөрдү колдоно башташкан. Мындай түйшүктөн  улам скрепка тууралуу ой бир эле учурда 3 адамга келген. Норвегиялык  математик Йоханна Валера биринчи скрепканы жасаган. Норвегиялыктар мындай көрүнүшкө абдан сыймыктанышкандыктан, 1990-жылы Норвегиянын борбору Ослодо скрепканын формасындагы 5 метрлик эстеликти тургузушкан.

 Даярдаган Айнура Шайкеева