кенеш

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов жакында Стамбул шаарынан Түрк маданий кызмат фондусунун сыйлыгына ээ болуп кайтты. Кадыр-барктуу сыйлыктын ыйгарылышы Кеңеш Жусуповдун гана эмес, элдин сыймыгы. Суроону алыстан баштап, Кеңеш агабыздан бул сыйлык боюнча да сурай кеттик.

Cиз өткөн кылымдын 60-жылдары кыргыз искусствосуна, адабиятына оргуп кирген жаш муундун өкүлү элеңиз. Эми сиздер улгайган муундун жүгүн көтөрүп калдыңыздар. Береги замандаш, калемдештериңиз жөнүндө кандай пикир айтасыз?

-60-жылдарда кыргыз адабиятына Ч.Айтматов баштаган бир нече таланттуу инсандар келген. Алар улуу муундун жолун улап, окуп-изденип, адабиятка, искусствого өздөрүнүн жаңылыгын жасашты, жаңы толкун, жаңы багыт алып келишти. Алардын ысымдарын окурман журту жакшы билет. Азыр да алардын өкүлдөрү чыгармачылыкта талбай иштеп жатышат. 60-жылдарда адабият менен искусствого келген муун эл алдында жазуучулук, граждандык, атуулдук милдеттерин абийир, эрдик менен аткарышты.

– Ошол муун ынтымактуу элеңер…

– Ооба, жараткан ошондой бирин-бири сыйлагандардан айырбасын. Биз жокчулукту, жамандык, согуш каарын сезип, көрүп калдык. Ошондой кыйынчылыктар чыйралтып, бизди тарбиялады. Экинчиден, ынтымактуу болуш интеллекттен, маданияттан. Өнүккөн элдер ынтымакта жашап, сыйлашып, коомду, улутун өстүрүп жатышпайбы! Биздин муун улуулардын жолунан, чеберчилигинен тажрыйба алып, чыгармачылык жактан изденип, бирин-бири кайталабай, өздөрү, чөйрөсү жөнүндө чындыкты жазган патриот муун эле.

-Азыркы учурда 60-жылдардагыдай толкун сезилеби?

– Андай толкунду, жаңылыкты сезе албайм азыр. Кино багытында айрым жаштардын ысымы аталып жүрөт. Маданияттын башка тармагы боюнча баягыдай жаңы агымды биле албадым. Бирок, качандыр бир учурда руханий жашообузга таланттуу жаштар келерине ишенем.

– Акыркы жылдарда кандай эмгек жарата алдыңыз?

– Кийинки учурда түзүүчүлүк, агартуучулук менен алекмин. “Кыргыздардын” он төрт томдугу, “Кыргыздардын улуттук маданияты”, “Бала жөрөлгөсү” сыяктуу китептерди түзүүгө катыштым. “Кыргыз санжырасы”, “Кыргыздардын акылмандыгы” деген кол жазмаларды түзүп, басууга даярдадык. “Кыргыздардын” көп томдугун көбөйтүп, жаңы изилдөөлөр менен басмадан чыгарууга аракет бар. Өзүм да замана, достор жөнүндө эскерүү жазсам деп тилек кылып жүрөм.

– Түркиядан алган сыйлыгыңыз кут болсун! Чоо-жайы кандай?

-Сыйлыкты Түрк маданий кызмат фондусу ыйгарды. Беш өлкөдөн – Кытайдан профессор Мирсултан Османов, Венгриядан профессор Имре Баскы, Германиядан профессор Петер Зиеме, Жапониядан профессор Масахиро Сёгаитого, кыргыздардан мага тапшырылды.

Абдимухтар АБИЛОВ